Бийлик, байлык талашып атып, өлкөбүз укуктук талаадан чыгып кетпейби?
“Учурда өлкөбүздө толук кандуу туруктуулуктун жоктугу, коопсуздук жагы ойлондурууда. Кызмат талашкандардын аягы сууй элек. Мамлекеттик деңгээлдеги көйгөйлөр арбын... Ушундай шартта Садыр Жапаровго кандай кеңеш берет элеңиз?” деген собол менен сурамжылоо жүргүздүк. Эксперт болгон коомдук ишмерлер мамлекеттин бүтүндүгүнө, тезинен укуктук талаага кирүүгө, мыйзам чегинде иш алып барууга коомчулукту үндөштү.
Турсунбай Бакир уулу, коомдук ишмер:
-- ЭрК партиясы өзүнүн позициясын сурап жаткан маселелериңиз боюнча 5-октябрдан бери эле ачык билдирип, 12-октябрь күнү премьер-министрдин коомдук кабылдамасына да Садыр Жапаров ушул маселе боюнча кабыл алуусун жазуу түрдө суранып кеткенбиз.
Биздин сунуштарыбыз төмөнкү болчу:
1) Жогорку Кеңешти токтоосуз таратуу;
2) Конституциялык кеңешмени түзүп, чукул убакытта элдин талаптарын Конституцияга киргизип, референдумга алып чыгуу;
3) Бир мандаттуу шайлоо аркылуу жаңы Жогорку Кеңешти түзүү;
4) Ошондон кийин президенттин отставкасын кабыл алуу, жаңы президенттик шайлоону жүргүзүү;
5) Жаңы өзгөрүлгөн Конституция боюнча эл шайлаган жаңы президент жаңы Жогорку Кеңеш бекитип берген жаңы өкмөттү башкарып, аткаруу бийликтин жетекчиси болуп анын ишине керт башы менен персоналдуу жооп бермек.
Ошондо президенттин аппараты менен өкмөттүн аппараты бири-биринин ишин кайталабай, Садыр Жапаров башында айткандай, бири кыскарылмак, жүздөгөн миллион сомдор үнөмдөлмөк жана бюджеттин социалдык багытына жумшалмак. Премьер-министр жана вице-премьер кызматтар жоюлмак.
Эгер ЭрК партиясынын сунуштарына Садыр Жапаров убагында кулак салганда (анын кабыл алуусуна кире албай, демилгебизди айланасы аркылуу да, социалдык желелер аркылуу да жеткиргенге аракет кылганбыз), бүгүнкү опурталдуу кырдаал түзүлмөк эмес. Садыр Жапаров өкмөт башчысы катары президенттик шайлоого баш оорусуз катышмак!
Азыркы Жогорку Кеңешке элдин ишеними жок. Анткени ал да азыр элдин нааразычылыгын туудургандай балит шайлоо жана партиялык тизме аркылуу бийликке келген. Сиз айткан туңгуюктан иштөө мөөнөтү бүткөн Жогорку Кеңеш Садыр Жапаровго жол көрсөтүмүш болуп жатат, бирок анын чечимдери канчалык легитимдүү?! Анан суроо да туулуп жатат: эмне үчүн БШК дайындаган 10-январдагы президентик шайлоо менен макул болушуп, 20-декабрга ошол эле БШК дайындаган чечимди жокко чыгарышты?!
Орустардын бир макалын Садыр иниме эстетип коюуга аргасызмын: «Благими намерениями дорога в Ад вымощена». Ишенбе, Жогорку Кеңештин 6-чакырылышына, ишенбе!
Токтайым Үмөталиева, укук коргоочу:
-- Тилекке каршы, бир айдын жүзү болуп калды, биздин мамлекет толук кандуу укуктук талаага кире албай кыйналып турган чагы. Эмне үчүн ушундай туңгуюк абалга туш келип турабыз? Буга бир беткей жооп берүү, туурасын айтканда, ким жооп берет (?) деп күтүп атабыз. Карапайым элдин, элитанын, ар кандай топтун ою ар башка. Бирөө “төңкөрүш” десе, бирөөлөр “бийлик алмашты” дешип. Бир гана нерсени баса көрсөтүп белгилей кетчүсү, президент кан төкпөстөн өз кызматын тынч өткөрүп кетти. Коомчулук бул жагдайды жакшы жагына белгилеп атат. Ушунун баарын эске алганда, жеке өзүм коомчулукка кайрылып, 5-октябрда болгон окуяны “Үмүт революциясы” деп атам. Туңгуюкка кептелгенибиздин башатында БШК турат. Аларды чечмелөөнүн кажети жок. Азыр алар өзүнчө өлкө болсо, премьер-министр, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров өзүнчө. Эми бул абалдан эртерээк чыгуунун жолу жөнөкөй: Жогорку Кеңештин пандемия мезгилинде иштебеген күндөрүн эмгек кодексине таянып дагы бир 1,5 айга узартып, убактылуу болсо да спикерди шайласа туруктуу бийликтин иштешине жол ачат эле. Экинчиси, президенттин милдетин аткаруучу кишини да шайлап койсо, Садыр Жапаровдун президенттик шайлоого барганга толук мүмкүнчүлүгү болмок. Азыр эмнени көрүп атабыз? Мамлекеттик кызмат орундарга жапайы талаш жүрүп жатат. Мына ушуга биринчи кезекте тыюу салынышы керек. Жергиликтүү, өсүп келаткан, профессионал кадларды, өз системасындагы жаштарды кызмат орунга койгону оң. Мына ушундай шартта гана Садыр Жапаров эл арасында аброй таап, иш жүрүшүн тездетет эле. Бүгүнкү күндө эң коркунучтуу абал чек ара маселеси, Улуттук банк жана каржы маселеси. Буларды өзгөчө кароо кажет жана кыска мөөнөттө Садыр Нургожоевич өзүнүн чечкиндүү иши менен ыйгарымдуу укуктарын тең бөлүшүп, мамлекетке, мамлекеттик болуп аткан иштерге эл аралык деңгээлде ишеним туудурбаса, анда мындан кийинки абал курчугандан курчуй берет.
Мавлян Аскарбеков, коомдук ишмер:
-- Эмоция, эйфория болгондордун, кызмат талашкандардын аягы кийинки жумада сууйт. Маселе аларда эмес, маселе жогорку жана коррупциялашкан кызматтарга жулунгандарда жана ич ара талашта. Мисалы, бажы, аэропорт, коопсуздук кеңеши. Кышка даярдык, пандемия жана башка күнүмдүк иштер жүрө берет, эң маанилүүсү, бюджеттин таңкыстыгын, экономиканы жандантуу маселелерин чечүү зарыл. Тышкы саясатта баштан жаңылуу кетти да. Негизи, Жапаров мырза объективдүү шарттарга байланыштуу туура эмес кадамдарды жасап алды, шайлоо, конституциялык реформа ж.б. Себеби, күчтүү команданын болбогондугунда. Биринчи ушул маселени чечүү зарыл. Күчтүү кадрлар, күчтүү команда. А команда кийинки негизги маселелерди чечүүсү зарыл. Кыска жана узак мөөнөттөгү максаттарды, иш планын аныктоо зарыл:
1. Укуктук талаадан чыкпай, шайлоолорду өткөрүү: президенттин, Жогорку Кеңештин, жергиликтүү кеңештердин;
2. Конституциялык кеңешме түзүү, жаңы Конституцияны кабыл алуу;
3. Ички жана тышкы саясатты аныктоо;
4. Экономика, инвестиция, иш орундарын түзүү.
Камила Талиева, коомдук ишмер:
-- Мамлекеттин тагдыры устаранын мизинде турган учур. Мындай жагдайда мактагандан да сынтаккан, акыл үйрөткөн киши көп. Үчүнчү жолку мамлекетте болгон элдик нааразычылык дейбизби, элдик толкундун оро-парасында турган убакта дайым эле башаламандык болду да. Буга чейинки биринчи, экинчисинде деле. Мына азыр деле ошондой. Мамлекеттеги экономикалык, саясый акыбал оор болуп турган учурда ал экинчи планга жылып, биринчи планда кресло талашмай оорусу менен ылаңдап калбадыбы. Баары эле жулунат, колунан келгени деле, келбегени деле, агы да, көгү да, кызылы да бийликке умтулушуп, болуп көрбөгөндөй алешемдикке жол берилип атат. Чынында бул абдан кейиштүү, жалпы элдин эмес, жеке кызыкдар тараптар өздөрүнүн керт башын ойлошуп, туура эмес жолдорго барышууда. Мындай учурда мыйзамдардын иштебей калган учурлары, анын ичинде мыйзамды сактоочу, көзөмөлдөөчү эң чоң жогорку орган болгон Жогорку Кеңеш болуп көрбөгөндөй мыйзам бузуучулукка барып атпайбы. Элдин талабы боюнча алар 28-октябрда тараш керек. Беш жыл эл жалдаган. Булар болсо жазга чейинби, жайга чейинби, белгисиз убакытка өздөрүнүн мөөнөтүн узартып атканына эл кыжырданып атат. Ушундай оор мезгилде баардык жоопкерчиликти Садыр Жапаров моюндап алды. Мен ал кишини бир чети аяп атам. Эми командасы менен мамлекетти мыйзамдын талаасына алып келиши керек. Ансыз болбойт. Баары мыйзам чегинде болгону оң. Жогорку Кеңеш, өкмөт бар. Мамлекеттик, коомдук ишмер катары, катардагы жаран катары биз Садыр Жапаровго ишенип атабыз. Темирдей тартипти орнотуу кажет. Каалаганы барып мэрияны басып алып атат, каалаганы барып облус губернаторун басып алап атат. Каалабаса кууп чыгып атканы андан көп. Башаламандыктар болууда, аны баарыбыз көрүп ататбыз. Ушунун баарына мыйзам чегинде чара көрбөсө болбойт. Эл кооптонуп калды. Эртең кошуна жана башка мамлекеттер биздин бул акыбалыбызды тааныбай койсо, кандай абалда калабыз? Эгемендүүлүгүбүз эмне болот анда? Ошон үчүн биз эл арасында көбүрөөк түшүндүрүү иштерин жүргүзөлү, айрыкча жаштарыбызга. Дегеним, кээде жаштар аша чаап кетип атышат. Тажрыйбасына, профессионалдуулугуна карабай, “бул Бакиевчи, тиги Атамбаевчи...” дешип, жакшы кадрларды кууп чыгып атканына жаның кейип кетет экен. Мындай жагымсыз нерселерди, мыйзамсыз иштерди кескин токтотуубуз керек. Дүйнө жүзү карап турат. Тескерисинче, өзүбүздүн маданияттуулугубузду көрсөтүп, мыйзамды сыйлаган өлкө экенибизди тастыктап койгонго не жетсин?! Азыр Садыр Нургожоевичке жапатырмак жардам берип, мамлекетти оң жолго салууда жеңилин жерден, оорун колдон алалы!
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити