Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сабыр Муканбетов: “Акылбек Жапаровду кызматтан кетирсе, Садыр Жапаров аксап калат да...”

Сабыр Муканбетов: “Акылбек Жапаровду кызматтан кетирсе, Садыр Жапаров аксап калат да...”

14-июль, 19:26
838 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Сабыке салам! Коомдогу өйдө-ылдый окуяларга баам салып, ой айтып турчу элең, криминал бийликти көзгө илбей, бандиттер башка чыгып, 13 жаштагы жеткинчек зордукталып атса үндөбөдүң, кайдасың досум, барсыңбы?

-- Алеки салам Суке! Окуп, көрүп атабыз. Үрөй учурган, төбө чач тик турган окуялар коомубузду каптап баратат. Аны кайталап айтканда не, айтпаганда не?.. Ичтен сызып, жүрөк ыйлап эле турат. Кайдыгер эмес жарандарыбыз көйгөйлөрдү жеткиликтүү эле көтөрүп, айтып жатышат. Тилеке каршы, өзгөрүү аз.  

Өткөн чакырылышта, андан мурункусунда да депутаттар ушу педофилияга каршы жазаны күчөтүү сунушун көтөрүп келе жатышат. Өлүм жазасын киргизүү сунушун көпчүлүк колдоого алганы менен мыйзамга өзгөртүү киргизилген жок. Айтарын айтабыз, аягына чыгаруу жок. Баштап коёбуз, кулагыбыздын кычуусу кангандан кийин таштап коёбуз. Жыйынтыгы анан ушу да. Айрыкча “мени коргойт” деген милиция кызматкерлери өздөрү педофил болуп жатса кантесиң? Өтө өкүнүчтүү, жан кейийт, аргаң жок... Тилекке каршы, бул биздин бүгүнкү коомдун кейпи. 

Кылмышкерлер боюнча деле ошо, кармалып, соттолушат, анан эле мөөнөтүнөн мурда бошоп, кайра эски адатын улантмай. Укук коргоо органдары деле уят болуп бүтүштү. Айрыкча УКМК. “Аконит” министрге барышса деле маски-шоу кылып “Альфа” жүрөт, бронежилет кийип, тишине чейин куралданып, жалгыз бандитке барып кармай албай шерменде болгон деле кайрадан баягы “Альфа”. “Ой, “Альфанын” жумушу башка, ал террорчулар менен күрөшөт” деген бирөө жокпу? “Дөө” керек болсо, тынч эле барып, кулагын толгоп жетелеп келип жүргөн ИИМдин оперлери деле турат го? 

-- Өкмөттүн ишине сын айткандар арбып, “Акылбек Жапаров күзүндө отставкага кетет” деген сөздөр кулуарларда айтыла баштаганын угуп атабыз. Кандай дейсиң, кызматтан кетүүгө негиз барбы? 

-- Учурда бийликке каршы айтылып жаткан сын-пикирлерди “сындоо” деп деле айтканга болбойт. Сын конструктивдүү, негиздүү болуш керек. Негизсиз эле өкмөттүн айрым талаштуу кадамдарына, турмушубуздагы негативдүү эпизоддорго асылуу болуп жатат. Конструктивдүү сын-пикир формулировка кыла турган бирдиктүү оппозиция да жок. Чачкын. Ар ким, эриккени эле, жеке нааразычылыгы барлар өз оюн соцтармактарга иле салып, Канышай Мамыркулованын “баратам, келетам, жалпайта чабам” деңгээлиндеги эки сап жанрына түшүп кетти.  

Өкмөттү жүйөлүү-жүйөсүз алмаштыра берип, отуздай премьерди көрдүк. Бирине да ордуна оңчулуктуу отуруп, иш менен толук кандуу таанышып, баш-аягын жыйып, туруктуу иштегенге мүмкүнчүлүк бербедик. Баардыгы бийлик башындагы үй-бүлөлөрдүн кызыкчылыгы, алардын бекемдиги, калтасынын калыңдыгына кызмат өтөөгө багышталган система орноп, эл да ошого көнүп калган. Ошон үчүн өкмөт деген аты эле калып, экономиканы өстүрүү, элдин турмушун оңдоо функциялары атрофировать этилип, унутулуп, иштебей калган үчүн “итке минип” калганбыз да. 

Азыр Садыр Жапаровдун бийликке келиши менен ошол эски система кардиналдуу түрдө өзгөрүлүп, өкмөткө толук кандуу иштөө мүмкүнчүлүгү берилип, иш жүрүп атат. Структура түп-тамырынан өзгөртүлдү. Мурдагыдай президенттин аппараты, өкмөттүн аппараты деген жок, бир аппаратка бириктирилип, министрлер кабинетинин төрагасы бир эле учурда президенттин аппаратын да жетектеп жатат. Өкмөттүн иш аракеттеринин баары президенттин көз алдында, аны менен макулдашуу аркылуу жүргүзүлүп, чечимдер ыкчам кабыл алынып, иш жаңыдан жаңы нукка түшүп келе жатат. 

Акылбек Жапаров да бир келген шансты колдон чыгарбай, элине ак кызмат кылууга жандалбастап, таң заардан түн ортосуна чейин тынбай иштеп атып, жүрөгүнө катуу күч келтирип, дарыланууга туура келди. Кудай колдоп, кайрадан арабызда. Акылбек деле алтымыш таяды, жаш эмес, эл-журтка кызмат кылып, мамлекетибиздин пайдубалын бекемдөөгө кудурети жетип, бышып турган чагы. Ар кимибизге Кыргызстан кандай керек болсо, ага да ошондой керек. Анткени анын да бала-бакырасы, укум-тукуму ушу Кыргызстанда жашайт. Ошондуктан көзү ачыктан бешбетер, факты бар-жогуна карабай эле жеке антипатияга жетеленип, заар чача бергенди токтотолу. Ишеним менен жашап, жакшылыктан күдөр үзбөйлү. Ийгилигин мугалимдер, дарыгерлер көрө баштады. Күзүндө дагы саамалыктар күтүлүүдө. Бийлик болгон күч аракетин элдин турмушун өзгөртүүгө жумшап жатат. 

Анан ушундайда башталган иштер жемишин бергени калганда, алдыдагы пландардын контуру көз алдыга ачык тартыла баштаган маалда, ошол иштердин баарын бирге баштап, “арабаны тың тартып” бараткан Акылбек Жапаровду орустар айтмакчы, “шило на мыло” алмаштырып, өз ишин артка тартуу Садыр Жапаровго керекпи? Акылбек Жапаровду кызматтан кетирсе, Садыр Жапаров аксап калат да... Менин оюмча, керек эмес. Анткени азыр кырдаал такыр башка. Саясый оюн салып, өкмөттү отставкага кетирүүнү уюштуруп ийе турган парламент жок, партиялар, фракциялар менен ымдашып, “ор казат, баш ийбей кетет, ордума көз артат” деген коркунуч да жок. Азыркы Конституция ага жол бербейт. 

А Садыр Жапаров болсо, кандай да болбосун эл көңүлүнө арзый турган жыйынтыкка жетүүнү максат кылып, жанталашып аракеттенип жатканын көрүп турабыз. Андыктан бул жөн эле курулай сөз. Ошондуктан соцтармактарда деле өкмөттүн отставкасы тууралуу кеңири талкуу жок. Оппоненттердин ичиндеги гана күбүр-шыбыр. Негизсиз кеп.  


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер