Сыртта жамгыр нөшөрлөгөн, төгүлгөн... Тышта тагдыр көрүнбөгөн, көрүнгөн...
Кыздар жана жаз. Сүйүү, жаз майрамы, жамгыр, гүлдөр тууралуу кыздардын пикирлери.
Бактыгүл Көкөтаева, акын:
-- Жамгыр менин жакын досумдай. Алыска кетип, кайра келип калгандай болот. Анан жамгырда далай жерге жөө, жалгыз басканды жакшы көрөм.
Сыртта жамгыр нөшөрлөгөн, төгүлгөн,
Тышта тагдыр көрүнбөгөн, көрүнгөн.
Чалбай, келбей, чакырылбай эч жерге,
Эчак эле жалгыз калган өңдөнөм.
Сүйүү десем сүйүү дагы бүттү эми,
Ал бир арман айтылбаган мендеги.
Эч бир жерде ырдалбаган обондой,
Өзүм менен жүрө берип эскирди.
Турмуш кээде мен күткөндөн оор болуп.
Кор болбочу жерде турдум кор болуп.
Басаар жолум дагы канча ким билсин,
Баш-аягын таппайм кээде ойлонуп.
Келди десем кетип барат жаз дагы,
Кемигенден кемип барат жаш дагы.
Жакшы күндөр али алдыда деп жүрсөм,
Жаштык менен бүткөн окшойт баардыгы.
Бүтпөй эч бир тиричилик үйдөгү,
Бүгүн дагы күндөгүдөй кеч кирди.
Ушул жамгыр бугум дагы, ыйым да,
Кайран өмүр кайда чачтым өзүмдү.
Кимден билбейм мээрим күтүп жашадым,
Кетсең кетчи мен да сенден чарчадым.
Толгон кезде ыйлап алып бирөөгө,
Мен да өксүгөн ыйын уктум канчанын.
Сыртта жамгыр нөшөрлөгөн, төгүлгөн.
Тышта тагдыр көрүнбөгөн, көрүнгөн.
Өмүр мага өксүк болуп туюлат.
Корком кээде кокус келчү өлүмдөн.
Бегимай Жаныбекова, теле алпаруучу:
-- Жаз – үмүттүн жана жаңы башталуунун мезгили. Жаздын эң кооз кубулуштарынын бири – жамгыр. Жазгы жамгыр кыштын кирин, кайгысын жууп, сергектик жана тазалык сезимин алып келет. Жамгырдын терезелерди тыкылдаткан үнү жүрөктү тынчтандырат, ал эми жыты сергитет. Жазгы гүлдөр сулуу. Гүлдестеге ыраазы болбогон айымдар жок болсо керек.
Жыйынтыктап айтканда, жаз көптөгөн адамдар үчүн позитивдүү эмоцияларды алып келген мезгил экенин айткым келет. Жамгыр, гүлдөр жана майрамдар – жаңылануу сезимине жана жаз алып келген үмүткө салым кошот. Кыштын оордугунан арылтып, жашоонун жаңылыгын, жаңы күндөрдү кабыл ала турган учур.
Аська Кожомкулова, блогер:
-- “Жазда сүйүүлөр башталат” демекчи, ар бир адам ушул жаздан өз сүйүүсүн издеп, жаз гүлүндөй жадырап-жайнагысы келген канча жандар болду экен? Аз күндөрдө өрүк да бүчүр байлап, гүлдөгөн убак келет. Анда жашоо өзүнчө бир бейиш, өзүнчө бир табигаттын сулуулугу менен жандана түшөт. Дарактар кызыл, жашыл, ак көйнөктөрүн кийип, жаратылыштын кооздугуна салым кошот. Жүрөгүнөн бороонду айдап салып, жаздын жытын, жаздын демин түпкүрүнө түнөтүп, сезимине бүчүр байлап, жаңыдан жашоо баштайын дегендер жазды мүнөт санап күтүшкөн чыгаар.
Жазды күттүм, жаз келди. Мен жаз мезгилин өзгөчө жакшы көрөм. Анткени имиджди өзгөртүп, бир башкача адам болуп калам. Жыл сайын 8-мартка карата күтүүсүз белек алганды жакшы көрөм. Албетте, ал чоң белек эмес, жаз жыттанган роза гүлү болсо, ошого ыраазымын. Жакшы көргөн адамымдын жылуу сөзү эле мага чоң белек.
Жазды күттүк, жаз келди. Демек, мен жашап жатам. Жашасын Жаз! Жашасын сүйүү, тынчтык!
Жазгүл Мадинова, теле алпаруучу:
-- Төрт мезгилдин ичинен эң жакшы көргөнүм жаз мезгили. Муну мен эле эмес, адамдардын көпчүлүгү жакшы көрсө керек. Себеби, кыш бүтүп, күн жылып, жер жарылып чөп чыгып, жазгы жамгырдын айлананы жашылданып көрккө бөлөшү эмне деген керемет! Ал сезимдерди сөз менен айтып жеткирүү мүмкүн эмес. Анүстүнө жаз мезгили аялзатынын майрамы менен башталат эмеспи. Ошол себептен жазды айымдардын баары эңсеп күтсө керек. Учурдан пайдаланып баардык аялзатын 8-март аялдардын эл аралык күнү менен куттуктагым келип турат. Аял бар үчүн үйдө кут, береке, ынтымак бар. Бул майрамдан тышкары Ак калпак күнү, Нооруз, Жеңиш күнү, Конституция күнү, Энелер майрамы, кыскасы, жазында бизде майрам көп экен... Анан ушундай жаз майрамдарын, бул айдагы табигат берген жамгырдагы сезимдерди кантип танып коё алабыз?..
Сезим Толукбаева, акын:
-- Көрктөнүп бүр ачканда эмен багы,
Көктөмдөн көптү күтүп келем дагы.
Жан кирип тирүүлүккө баштаганда,
Жанданып тирилчүдөй энем дагы.
Энемсиз кандай ызгаар болгондугун,
Кол эмес көӊүл муздап тоӊгондугун.
Жамгырдай төгүп айтып алсам кана,
Чыгарып ичимдеги толгон муӊум.
Жылытып көӊүлүмдү жаз жиберсе, -
деп ойлоп кошо таалай-бакты берсе.
Жыл сайын эмнегедир күтө берем,
Болчудай жаз келгенде жакшы нерсе.
Жиберип жазда эргүү, ыр жаздырып,
Койгон бейм Жаратканым сырдаш кылып.
Азыгы көңүлүмдүн – жазды күтөм,
Келчүдөй коштоп алып бир жакшылык.
Жамиля Нурманбетова
"Азия Ньюс" гезити