Эрулан Көкүлов, ЖК депутаты: “Депутаттын унаасы жок болгону жакшы экен”
-- Эрулан мырза, депутаттарга кызматтык автоунаасын кайра берүү сунушу боюнча көз карашыңыз кандай?
-- Мен каршымын. Биз Жогорку Кеңешке жаңыдан шайланып келип, кызматтык унаа тууралуу маселе көтөрүлгөндө, “машинасы жок деле иштесе болот” деп айткам. Ырас, обустарга барганда же эл менен жолугушууларда бир аз кыйынчылыктар жаралат. Бирок, бул колду-бутту тушаган, биринчи кезекте турган өтө чоң көйгөй деле эмес. Мындайча айтканда, депутаттын ишине тоскоол болчу шылтоо катары көрбөйлү.
-- Сыр болбосо, өзүңүздүн автоунааңыз барбы?
-- Жок. Машинамды сатып ийгениме бир жарым жыл болду.
-- Анда эмне менен жүрөсүз?
-- Коомдук транспортко, таксиге түшөм. Көбүнчө жөө басам. Кээде облустарга барыш керек болуп калганда, досторумдун унаасын сурайм. Бирок, ачык эле айтайын, унаасы жок болгондун көп жакшы жактары бар экен. Күнүгө май куйбайсың, “бир жери бузулду, оңдотушум керек” дебейсиң...
"Азия Ньюс" гезити