Акыркы кабарлар
22:58
22:29
» Саясат » Таалайбек Сарыбашов мыкты мугалим Илгиз Шамырзаевди дагы алдадыбы?
Таалайбек Сарыбашов мыкты мугалим Илгиз Шамырзаевди дагы алдадыбы?
14-ноябрь, 20:34

Ош шаарына Таалайбек Сарыбашов мэр болуп турганда, “Мыкты мугалим” сыйлыгын жеңип алган Илгиз Шамырзаевге квартиранын сертификатын тапшырып, бирок “куйрук түйүп” кеткени жакында ачыкталган. Шермендеси чыгып, уятка калды го? Ортодон курулуш компаниянын жетекчиси камакка алынып калганын шылтоолошот. Кызык. Агездеги мэр Сарыбашов жоопкерчилигин алып, квартиранын сертификатын тапшырып аткан соң, аягына чыгыш керек эле. Тилекке каршы, ар кайсы шылтоо айтканы менен кайдыгерлиги кашкайдыбы? Ошентип, өткөн айда Илгизге убада кылганын Сарыбашов иш жүзүндө аткара турганын билдирген. Андан бери дайын жок. Байлыгы ашып-ташыган эргул бир күндө эле чечип коймок да. “Лапшаны илип” коюп, көнгөн адатына салып кеттиби?..
"Азия Ньюс" гезити