Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Генерал Суваналиев айбаттуу, таза саясатчы экенин далилдеди

Генерал Суваналиев айбаттуу, таза саясатчы экенин далилдеди

14-август, 12:18
714 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Коопсуздук кеңешинин орун басары, мурдагы ички иштер министри Өмүрбек Суваналиев “Бүтүн Кыргызстан” партиясы менен парламенттик шайлоого бара турганын “Азаттык” радиосуна расмий билдирди. Бул жаңылык коомчулуктун бүйүрүн кызытып, ар кандай суроолорго жем таштады. Президент Сооронбай Жээнбековдун №1 душманы Адахан Мадумаровго каарманыбыздын бириккенин ар ким акылына жараша аңдап атат. Мындай кадамдан кылдан кыйкым издөө, каралоого алуу алсыздардын гана иши. Себеби, биз демократиялуу эркин мамлекет катары саясатчылардын тандоосуна чектөө коё албайбыз. Генерал Суваналиев бийлик бутагында туруп, радикалдуу саясый күчтөргө ачык кошулганы – сейрек учурай турган көрүнүш. Себеби, ал мыйзамга ылайык кызматын тапшырбастан, “Бүтүн Кыргызстан” партиясы менен шайлоого катышууга киришти. Эгерде башка арты таза эмес чиновник болгондо, күч органдары дароо жазалоого киришмек. “Кыргызбайский ыкмалар” ушундай эмеспи. Тилекке каршы, Өмүрбек мырза эч нерседен коркпостон, тубаса тайманбастыгы менен чоң күрөшкө аттанды. Дал ушундай кадам келечек муунга үлгү болуп, өрнөк алышса не?..  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер