COVID-19. Коронавирус менен грипптин айырмасы

№1 шаардык клиникалык оорукананын эпидемиолог дарыгери Айжаркын Эгембердиева COVID-19 менен грипптин козгогучтарынын ортосунда кандай айырмасын атады.
· COVID-19дун инкубация мезгили 1ден 14 күнгө чейин узарылышы мүмкүн, сасык тумоонуку бир нече сааттан 3 күнгө чейин кыскалыгы менен мүнөздөлөт;
· Грипп менен ооруган адамдын жалпы абалы көбүнчө 7-8 күндүн ичинде жакшырып кетиши мүмкүн, ал эми 7-8-күндөрдө коронавирустук инфекция менен ооруган өнөкөт оорулары бар адамдардын белгилүү бир пайызы, эгер туура дарылабаса, кийинки этапка өтүшү мүмкүн – бул дем алуу жетишсиздигинин башталышына алып келет;
· Коронавирус инфекциясы тамак сиңирүүчү органдарга таасир берип, ич өткөккө алып келиши мүмкүн, бирок бул сасык тумоодо чоң кишилерде сейрек кездешет;
· Мезгилдүүлүк: сасык тумоо күзгү-кышкы мезгилдүүлүк менен мүнөздөлөт, ал эми мезгилдүүлүк COVID-19 үчүн анча маанилүү эмес.
· Сасык тумоого чалдыгуу тобокелчилиги бар бейтаптар – балдар, кош бойлуу аялдар, карылар, негизги оорулары бар адамдар жана иммундук жетишсиздикке чалдыккан адамдар. COVID-19 учурунда катуу оорунун коркунуч факторлору – карылык жана өнөкөт оорулардын болушу.
· COVID-19да өлүм гриппке караганда жогору – өлүмдүн деңгээли 3-4%. Сезондук тумоодон өлүм көрсөткүчү адатта 0,1%га чейин.