Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Айтбекова сөйкөнүп, Касымалиева былгытып турбаса сыркоолоп калышабы?

Айтбекова сөйкөнүп, Касымалиева былгытып турбаса сыркоолоп калышабы?

01-декабрь, 22:09
1 574 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жер жүзүндө белгилүү инсандардын түгөйлөрү (двойниктери) болот. Бул жараткандын тартуусу. Мисалы, Путинге, Трампга, Макронго, Зеленскийге окшош адамдарды көрүп атпайбызбы...

Эмесе, маселе түшүнүктүү болуш үчүн кепти кыраатына келтирип, кынаптайлы. Сайтыбызга чыккан “Депутат Аида Касмалиеванын түгөйү чырайлуу бекен?” деген аталыштагы маалыматтын текстин толук келтирели: “Интернет айдыңынан береги кыздын сүрөтүн таап алдык. Биз бул туурасында толук маалыматты таратууга кызыккан деле жокпуз. Болгону депутат Аида Касымалиевага окшош экени көңүл бурдурду. Жаш курактарында өзгөчөлүктөр бар. Калыстык үчүн айтканда, Аида айымга караганда түгөйү (двойниги) чырайлуу, жылдызы жанып турганы шыктандырды. Эр жүрөк кыз окшойт, аскер талаасында жүргөнүнө күбө болуудабыз...” деп жазылган. Натыйжада, Фейсбукта ар кандай мааниде талкуу жаралыптыр. “Бээ” десе “төө” деген айрым ээнооздорго теңелүүнүн кереги жок. Бирок, күтүүсүздөн эле телеалпаруучу, артист Назира Айтбекова ыксыз сөйкөнүп, Фейсбуктагы баракчасына мындайча жазыптыр: “Мона Панарбектин үй-бүлөсүнүн сүрөтүн алып туруп, Аида Касымалиеванын сулуу күйөөсү менен... кылып койгонуңар да кызык экен. Журналистиканы, журналисттерди, журналисттик этиканы тескегендер барбы, жокпу бизде? Биз канткенде укугубузду коргой алабыз? Адвокаттар, юристтер, оюңарды бөлүшсөңүздөр?” деп. Ушундай пост чыгарыптыр. Баракелде! “Назиранын журналистикадан түшүнүгү бар го...” деп жүрсөк, такыр эле “талаалап” кеткени кандай? Жогорудагы макалада эч кандай укук бузулган жок, болгону Аида Касымалиеванын жакшынакай түгөйү (двойниги) бар экени туурасында жазылып, жагымдуу маанай тартуулоо болуп атпайбы! Бул жерде тек гана Касымалиевага береги Мона Панарбекти окшоштуруу болуп атат. Күйөө, үй-бүлө туурасында дегеле кеп болгон жок, байболгур! “Тиши чыккан балага чайнап берген аш болбойт” дегендей, сүйлөмдөрдүн ар бир деталын майдалап, талдоо жүргүзүш керекпи? Акылы жайында адам жакшынакай түшүнүшү керек да. Чала-була окуп алып эле чамына берген болобу? Токтоло турган куракка деле келдиң, Назира айым, кичине арыдан-бери болбойсуңбу?

Дагы бир кызыгы, Айтбекованын постунун ылдый жагына вице-спикер Аида Касымалиева этика комиссиясына кайрылууну идея кылып, шилтеме ыргытып коюптур. Аталган маалыматта этиканын “э” тамгасы да бузулган жок. Бул эмне, элге таанылып калган айымдарыбыздын ушунчалык түркөйлүгүбү? Же кандай? Ангела Меркель, Анджелина Джоли, Мэрилин Монро ж.б. белгилүүлөрдүн түгөйлөрү (двойниктери) боюнча жазгандар да жазаланыш керекпи? Мунун өзү логикага сыйбаган беттырмарлык эй! 

Эрксизден кыргыздын макалдары эске түшөт да: “Аялдын чачы узун, акылы кыска”, “Аял баштаса жарга түртөт”, “Байтал чыгып, байге албайт”, “Шакылдаган келинди үй чечкенде көрөбүз”. Минтип даанышмандар бекер айткан эмеспи?..

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер