Эгемендүүлүктүн барк-баасын, маңызын түшүнө турган кез келеби?
Анарбек Усупбаев, коомдук ишмер:
-- “Эгемендүүлүк” деп айтканга жеңил болгон менен эгемендүү мамлекет болуш оңойго турбаган оокат тура. Мамлекеттик символикалар, анын ичинде герб, туу, гимн, жер-суу, тоо-ташың, улутуң, тилиң, кен байлыктар менен эле чектелбестен, башка мамлекеттерге баардык жагынан көз каранды болбой теңата болуу – бул эркиндиктин туу чокусу экен. Биз азыр бул туу чокуга жете элекпиз. Жаштарыбыздын басымдуу бөлүгү ЖОЖдорду бүтүп алып, жумушсуз, кызматсыз жүрүшөт. Көпчүлүгү чет жактарда. Чакан мамлекет болгонубуз менен экономикабыз ойдогудай эмес. Кен байлыктарды туура иштетүү жагы аксап атат. Айыл чарба азыктарынын жарымынан көбү сырттан келет ж.б.
Албетте, оозубузду куу чөп менен аарчыгандан алыспыз, “баары жаман” деп айтуу болбогон кеп. Акыркы жылдары тынымсыз жолдор салынып атканына күбөбүз. Мектептер биринин артынан бири курулууда. Коррупция менен аёосуз күрөш жүрүп, бир күн да токтоп калган жок. Бул факторлор кантсе да жүрөк жылытууда. Анткен менен коомдо арабизация, ошолордун кийимин кийүү, алардын жүрүм-турумдарын биздин элге сиңирүү иштери эгемендикти артка тартып жаткансыйт. Эгемен майрамыбыздын алдында башка элге көз каранды болбой, экономикабыз өнүккөн өлкөдө, кул болбой, артыбызда келаткан жаштар, балдар, неберелер баардыгынан кем болбогон жашоодо жашаса экен (!) деп тилек айтат элем.
Асыкбек Оморов, коомдук ишмер:
-- Кыргыз эгемен мамлекетинин тарыхы тереңде жатат. Азия континенти боюнча улут катары байыркылардан болуп эсептелет. Азыркы муун Кыргыз каганаты тууралуу маалыматты түпкүрдөн түшүнсө дейт элем. Кыргыз каганаты өз алдынча эркиндиктин алкагында Европага чейинки жана Европасы менен 83 мамлекетти өзүнө баш ийдирип, хандык кылып турганы тарыхта айтылат. Ошону менен бирге кыргыз таза кандуу эл болгону, канынын курамы R1 ДНК жогорудагы 83 мамлекетте сакталып, муну ВОЗ чечим чыгаруу менен жар салган.
СССР таркагандан кийин мурунку 15 союздук республикалардын ичинен эң биринчи болуп Бириккен Улуттар Уюмуна (БУУ) катталдык. Анысы аз келгенсип эгемендиктин алдыңкы флагманы катары өзүбүздүн улуттук акчаны киргиздик. Анын куну азыркыга чейин ошол эле таркап кеткен 15 союздук республикалар арасында кадыр-барктуу.
Кыргыз эли ичи тар, көралбас, куру намысчыл жагы бар. Мындан сырткары, меймандос жана кыйынчылык башка түшкөндө бат эле бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгара, жапатырмак колдон-буттан алып кеткен ынтымак-ырашкердик алаканы бийик туткан элбиз. Ушуну келечек муун биле жүрсө дейт элем.
Маматкадыр Тиллебаев, жеке ишкер:
-- Азыркы күндө кыргыз коому аябай жакшы тездикте өнүгүп атат. Элдин аң-сезими, экономикасы, маанайы баары ойдогудай. Ошон үчүн алдыга жакшы гана ниет, тилек кылалы. Ошондо гана патриоттук сезимдерибиз көтөрүңкү нукка багыт алат. Мунун баары өзүбүздөн. Ата-бабалар “Жамандын арты жаман, жакшынын арты жакшы” деп бекеринен айтпаган чыгар. Моюнга алышыбыз керек, эгемендиктин кайсы бир жылдары элдер “тиги жаман, бу жаман, баары жаман” дегендерин байма-бай угуп калат элек. Азыр баары Кудайга шүгүр. Эгемендүүлүктүн барк-баасын, маңызын түшүнө турган кез келди. Өзүңүздөр байкагандай, Кыргыз мамлекетин, анын эгемендигин чет элдиктер да баалап, сырттан келип аткан туристтердин көптүгү далилдеп атат (!) десем жаңылбайм. Ошол эле учурда биздин келечек урпактарга “эгемендик” деген терең түшүнүктү таза ниетте калтырып кетүү үчүн чоң жоопкерчиликте милдеткербиз.