Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Шайлоого катыша турган партиялардын тизмеси

Шайлоого катыша турган партиялардын тизмеси

24-август, 17:59
1 499 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Дагы үч партия күздө өтчү парламенттик шайлоого катышуудан баш тартты. Бул тууралуу борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

Ага ылайык, "Таза коом", "Бүткүл жаштар саясый партиясы" жана "Адам-Демократ" партиялары шайлоодо ат салышпай турган болду. Буга чейин шайлоого катышууга бел байлаган "Кут", "Ак калпак", "Улуу журт", "Ар-намыс", "Бийлик элге", "Эл биримдиги", "Кыргызстан коммунисттер партиясы", "Бирик", "Кыргызстан элдик-демократиялык партиясы", "Эмгек", "Демократ" партиялары өз алдынча чыга албай калышкан.

Бүгүнкү күндө 30 партия шайлоого расмий түрдө катышмакчы. Алар: "Ата Мекен", "Мекенчил", "Мекен Ынтымагы", "Ордо", "Чоң Казат", "Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагылышууларга катышкандардын саясий партиясы", "Актив", "Кыргызстан жумушчулар партиясы", "Республика", "Агрардык партия", "Бир Бол", "Кыргызстан жашылдар партиясы", "Социал-демократтар", "Бүтүн Кыргызстан", "Кыргызстан", "Ыйман Нуру", "Мекеним Кыргызстан", "Жаратман эл", "Биримдик", "Реформа", "Эл үнү", "Улуу Кыргызстан", Кыргызстан социал-демократтар партиясы, "Тартип-Порядок", "Замандаш", "Кыргызстан патриоттору", "Элдик көзөмөл", "Нур" либералдык-демократиялык партиясы, "Өнүгүү Кыргызстан", "Билим Илим Ордосу". 

Жогорку Кеңешке шайлоо 4-октябрь күнү өтөт. 

“Sputnik-Кыргызстан”
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер