Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Оогандык аялдар талибдерден Тажикстанга кантип качышканын айтып беришти

Оогандык аялдар талибдерден Тажикстанга кантип качышканын айтып беришти

26-август, 10:41
1 519 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Мен өз үйүмдө жашап, мекениме кызмат кылууну кыялдангам, бирок мени өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз кылышты” дейт белгилүү ооганстандык спортчу жана жарандык активист Фаришта Хусейни. Ал Талибан кыймылынын жоочулары Кабулга жакындап калганда Тажикстанга качып кеткен.

Талибдерден кооптонгон Ооганстандын миңдеген жарандары алардан качып кутулууга аракет кылып, өлкөдөн чыгып кетүүнүн бардык мүмкүн болгон жолдорун пайдаланууда. Алардын көбү коңшу Тажикстандын аймагына өтүп кетишкен.

Азырынча Тажикстанга келген ооган качкындары боюнча расмий маалымат жок. 7-июлда Тоолуу Бадахшан автоном облусунун бийлиги аймакка миңден ашык ооган жараны келгенин билдирген. Мындан тышкары, өз өмүрлөрү үчүн кооптонгон 1,5 миң ооган жоокери да Тажикстанга качып киргени кабарланган. Көп өтпөй тажик бийлиги ооганстандык аскерлердин баары кайра мекенине кайтарылганын билдирген.

Өлкө талибандардын көзөмөлүнө өткөндөн кийин канча ооган жараны Тажикстандын аймагына өткөнү белгисиз. “Озоди” радиосу 16-августка караган түнү ооган армиясынын 143 жоокери Хатлон облусунун административдик борбору эсептелген Бохтар шаарына учуп келгенин кабарлаган.

27 жаштагы Фаришта Хусейни таэквондо боюнча Ооганстандын чемпиону. Душанбеге ал апасы менен келген. Атам өлкөнү Талибан кыймылы башкарып турган жылдары өлтүрүлгөн. Талибдер менин байкемди да өлтүрүшкөн. Азыр Кабулдагы тааныштарыма телефон чалып турам, алар абал оор бойдон калып жатканын айтышат. Адамдар Талибандын 20 жыл мурдагы башкаруусун унута элек, талибдер түркөй жана ырайымсыз болушкан деди Хусейни Озоди радиосуна берген маегинде.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер