Кайнатамды көп ойлойм... Ким эле муздак көргө жаткысы келсин?
Кайнатам рак илдетине чалдыкканын жакында уктук. Күн санап ичээр суусу түгөнүп баратканын билип, жүрөгүм эзилчү болду. Түндө уктабай калдым, ар дайым ыйлай берем. Бизге билгизбегенге аракет кылат, бирок жаны кыйналып жатканын дайыма сезем. Алып барбаган дарыгерибиз калбады. Бул жаман дарттын шыпаасы табылчудай эмес.
Бир кезде да ушундай ачуу күндөр жашоомду коштогон. 14-15 жаштагы курагым эле. Чоң апам да бул жаман дартка чалдыгып, акыркы күндөрү ар убак жанында болдум. Кичинемден чоңойткон чоң апам менен өз апамдан да жакын болуп, жанымдай көрөр элем. Ар бир күнү андан ажырап калуудан коркуп, таң атырчумун. Чоң апамдын сыйкырдуу жомоктору, насааттары мени чоң турмушка дайындады. Жакшы менен жаманды, ак менен караны, адамдардагы түрдүү сапат мүнөздөрдү айырмалап берди.
Эми арадан 20 жыл өткөндөн кийин ошол күндөр кайталанып, жүрөгүм эзилип турат. Кайнатам небересин кыса кучактап, ойлуу. Тирүүлүктүн шириндиги, таттуулугу ай. Ким эле муздак көргө жатып калганга даяр болсун?
Куюлган көз жашымды көрсөтпөөгө аракеттенип, ашкананы көздөй ашыгып бараттым.
Дилбар
"Азия Ньюс" гезити