Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Түндүк-түштүктү бириктирген аксакалдар уюмуна Бекболот Талгарбеков төрага болобу?

Түндүк-түштүктү бириктирген аксакалдар уюмуна Бекболот Талгарбеков төрага болобу?

16-февраль, 19:14
3 761 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Түштүктүн элүү аксакалын чүргөп, Камчыбек Ташиевди колдоо уюмун түзгөн Эмил Узакбаевдин соңку кадамдары саясый элитанын катмарын кызыктырып салган. Катуу дуулдашты. “Катарларында кимдер бар? Эми эмне болот?” дешип. Айтор, бул жагынан кыйла интрига жаралып, ар кандай сөздөр тарай баштаганда, кеменгер мүнөзү бар Бекболот Талгарбеков “түштүктүн аксакалдары биригип атканыңар жакшы, эми түндүктүн да акыл кошчулары копшолуп, кыргыз элинин бүтүндүгү үчүн бир муштумга түйүлсөк, туубузду жогору көтөрүп алабыз!” деп акыл айтыптыр. Аныгында, жалпы элдин ынтымак-ырашкерлигин ойлоп, улуттук күч түзүлсө эмнеси жаман? Анан бириккен аксакалдар Ташиевди колдошобу, же башкасын тандашабы, бул эми мезгилдин шарына жараша өнүгөт эмеспи. Бирок, түндүк-түштүктү бириктирген ынтымакка Бекболот Талгарбековду шайлашса, тездик менен көксөгөн максаттарына жетишмек. Себеби, бул кишинин сыйкырдуу таягы бар... 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер