Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Турсунбек Акун: “Эми Атамбаевдин жактоочулары эл аралык сотко арызданышып, доомат коюшат”

Турсунбек Акун: “Эми Атамбаевдин жактоочулары эл аралык сотко арызданышып, доомат коюшат”

07-июнь, 09:46
916 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Турсунбек мырза, премьер-министрдин кырдаал оорлоп жаткан  мезгилде эмгек өргүүгө кеткени коомчулуктун да, депутаттардын да сынына кабылды. Ал мындай учурда эмгек өргүүгө кетпей эле койсо болот беле?

-- Мен премьердин аппараты менен адам укугу боюнча байланышып иштешкен  адаммын. Мага жеткен маалыматтар боюнча премьер-министр эмгек өргүүгө эс алуу үчүн чыккан жок. Ал киши эс алууга аргасыздан эле кетти. Өлкөдөгү кырдаалды эске алып, “иштей эле берейин” деген экен, бирок анын отчёту  талкууланып жаткан мезгилде парламенттин бир-эки депутаты: “Радио жыштыктар боюнча коррупцияда атыңыз аталып жатат. Тергөө болуп жаткан маалда кызматтан четтеп туруңуз” деген сунуш беришиптир. “Тергөөнүн ишине кийлигишет” деген шектенүү жаралбасын (!) деп убактылуу арыз жазып, өргүүгө кетиптир. Негизи мыйзамды түшүнгөн ар бир жетекчи ушундай кадамга барышы керек. Мен билгени буга чейинки премьерлердин бири да кайсы бир ишке шектелээр замат кызматтан кетишкен эмес. 

Ал юридикалык жактан туура кылганы менен ошол эле депутаттар “пандемия болуп, экономика төмөндөп жатса, чек арадан чыр чыкса, эс алып жатат” деп кайра сындап жатышат. Мындай сөздүн баары кандай болгон күндө да премьер-министр эртерээк жумушка чыгышы керектигин айгинелеп салды. Анткени, өлкөдө абал барган сайын оорлоп баратат. Премьердин радио жыштык боюнча убактылуу өргүүгө кеткенин коомчулук да, депутаттар да жакшы кабыл албай жаткансыйт. 

Менимче, Абылгазиевдин радио жыштыктагы коррупцияга тийешеси жок, ал башка премьерлердей күмөндүү ишке малынган жок деп эсептейм. Анткени, үч жылдан ашык иштесе да, артынан жаман сөз ээрчитпеди. Ошон үчүн “Абылгазиев тез аранын ичинде жумушка чыгышы зарыл” дегендердин катарындамын. 

-- Ал ишке чыкса, аны “иштен четтеп тур” деген депутаттар капа болуп калбайбы?

-- Саясатты, экономиканы түшүнө бербеген, трибунадан гана сүйлөгөндү жакшы билген популист депутаттар премьерди “убактылуу болсо да иштен четтеп туруңуз” деп туура эмес кылышты. Чынында премьер-министр жок өлкөдө абал кыйындап, президентке сөз тийүүдө. Депутаттардын бири “кетсин” деп, экинчиси “неге эс алууга кетти?” деп өкмөттүн ишине ого бетер тоскоолдук жаратып жатышат... 

-- Эгер премьер радио жыштыктагы маселе боюнча эс алууга кетүүгө аргасыз болсо, кайра эле ишке чыгып алса, туура болбой калбайбы?

-- Премьердин ишке чыгышы боюнча президент өзү аракет кылышы керек. Өзү депутаттарга абалды түшүндүрүп, ишке чыгуу зарылдыгын айтышы шарт. Анткени, премьер, спикер – президенттин командасы. Канчалык сындасак да үчөө бир муштумдай түйүлүп иштешти. Катачылык кетирсе да ооруну токтото алышты.  Таза иштешти. Убагында өзгөчө кырдаал жарыялап, элди дарттан сактап кала алышты. Башка мамлекеттердей өлүм көп болгон жок. Булардын да эмгегин баалашыбыз, түшүнүшүбүз керек.

-- Чек арда жаралган чыр боюнча Ташиев вице-премьер Бороновду сындап билдирүү жазды. Бороновдун кечирим сураганы чекилик болуп калдыбы? 

-- Боронов абалдын алдын албаганы, жарат алгандар үчүн кечирим сурады. Ага бул боюнча доомат коюштун кажети жок. Бирок, өкмөт эмнегедир окуядан артта калып жатат. Ошон үчүн катачылыктарга жол беришүүдө. 

Негизи чек ара маселеси бир-эки эле күндө чечиле калчу иш эмес да. Ал узак убакытты камтыган сүйлөшүүлөрдү, сабырдуулукту жана чечкиндүүлүктү талап кылат. Чек ара маселеси Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстанда эле эмес, дүйнө жүзүндөгү мамлекеттердин көпчүлүгүндө чечилбей келаткан орчундуу көйгөй. Муну кызуу кандуулукка алдырып чечкенге болбойт. Тынчтык жол менен элибиз жабыр тартпай тургандай кылып, сүйлөшүү жолу аркылуу бир жаңсыл кылуу зарыл. “Колуңардан келбесе мага бергиле, мен кыйратам” деген бышпаган саясатчынын сөзү болуп калат. Мен билгени шайлоо жакындаган сайын ушундай сөздөрдү айтып, элдин колдоосуна ээ болгусу келгендер көбөйөт...

-- Алмазбек Атамбаевдин өзүнчө тосулган жерде отургусу келбегенин эске алып, судья сотко катыштырбай коюу чечимин чыгарды. Бул туура эле  көрүнүшпү?

-- Атамбаевдин өзүнчө бөлүнгөн темир торго отурууну каалабаганы күлкүңдү келтирет. Ал каматкан саясатчылардын баары отуруш керек да, өзү отурбашы керекпи? Жапаров менен Текебаевден жаны артыкпы? Же алардан өзгөчөбү? Атамбаев жок дегенде президенттиктен түшкөндөн кийин мыйзамды сыйлап, шартка, ыкка көнсө болмок. Темир торго отуруп элге көрүнүп койсо, акталып кетсе “темир тор артында отурдум” дегенине да жакшы болмок. Сот Атамбаевди сотко катыштырбаган чечим чыгарып, жаңылыштык кетирди. Анткени, соттун чечими чыкканда Атамбаевдин жактоочулары эл аралык сотторго арызданып, “анын катышуусу жок эле бир жактуу чечим чыкты” деп доомат коюшат да. Сот туура эмес кадамы менен “адилеттүү сот болгон жок” деп айтканга жем таштап, оркойгон катачылыкка жол берди.


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер