Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Чуулгандуу кылмышка шектелген Улан Орозалиев карьералык секирик жасады

Чуулгандуу кылмышка шектелген Улан Орозалиев карьералык секирик жасады

31-октябрь, 09:00
810 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Ушул жылдын март айында резонанс жаралып, милициянын бетине чиркөө болгон окуя катталган. Биринчи Май РИИБнин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн начальниги, кызматкерлери сойкулук жайларды “крышевать” этишип, оңой олжого туйтунуп жүрүшкөн. Көп узабай атайын кызмат аркылуу кармалышып, камакка алынышкан эле. Чоң резонанс жаралган. Натыйжада, Биринчи Май РИИБнин начальниги Мирлан Ниязалиев, орун басарлары Улан Орозалиев жана Эрмек Момуналиев кызматтарынан айдалышкан. Карышкырга кой кайтарткан замананы эске салгандай... Эми карабайсыңарбы, бизге жеткен маалымат боюнча, Улан Орозалиев Бишкек ШИИБнин баңгизаттарга каршы күрөшүү башкармалыгына начальник болуптур. Талкууга “жем таштаганы” калды. Жарым жыл мурда ызы-чуу чыгып, шалаакылыкка, кылмышка шектелип, кызматтан кетип атса, кайра көз жазгыруу менен чоңоюп кеткени кандай? Жоопкерчиликтүү орунга “куйругунда калбыры бар” кадрды дайындоо – ИИМдин беделине сокку урбайбы? Улан Орозалиевден башка тажрыйбалуу, таза жетекчилер калбай калганбы? “Укмуштуунун төөсү жорго” деген ушул тура.  

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер