Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жеңиш Абидовдун Ош ОИИБге начальник болгону күлкү жаратты

Жеңиш Абидовдун Ош ОИИБге начальник болгону күлкү жаратты

30-декабрь, 13:24
2 999 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ош ОИИБнин начальниги болгон Жеңиш Абидовго милиция катмарындагы профессиналдар мыйыгынан жылмайып турушат. Себеби, анын билими, тажрыйбасы жетишсиз экени айтылууда. Башта “Дордой” базарында ГОМдун начальниги болуп, ошол жактан тыйын-тыпыр жасап, бутуна турганы каңкууланат. Кийин элдир-селдир иштемиш этип жүрүп, Араван, Панфилов ж.б. РИИБлерде кызматтарда илээшип келиптир. Ал жакында эле Ленин РИИБге начальник катары дайындалып, бирок өздүк курамга күлкү жаратып, иштей албай жаткан чакта ыргып кетти. Себеби, мурдагы начальник Мадияр Кулуев соттон утуп келип, Жеңиш Абидовду “көчүккө тепкендей” образда кубалап чыккан. Көп өтпөй кызматтык секирик жасады. Ошко барып, алапайын тапкыча кылмышкерлер баш көтөрүшүп, куралдуу талап-тоноолор күч алганы ЖМКларга чыга баштады. Таңгаласың, бир районду башкара албаган, облусту кантип тейлейт? ИИМ системасында профессионал жетекчилер арбын, бирок алардын таанышы, акчасы болбогону үчүн четте калып келет. Не дейли? Абидов жок дегенде “ошский акцентти” таштап, адабий тилде сүйлөөгө үйрөнүп албайбы? Күйгүзөт да... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер