Кечээги Илмияновдун “желдети” Туманбаев популизм оорусуна кабылдыбы?
Убагында Икрам Илмияновдун арааны жүрүп турганда, көп эле адамдар кошомат кылышып, бутка туруп кеткени маалым. Алардын ичинен Каныбек Туманбаев канчалык деңгээлде жагынганын так кесе белгилебей туралы, бирок, ошол эски доордун аркасы менен байып, элге аралашып, төбөсү көрүнө баштаганы жашыруун эмес. Икрамдын “желдети” болуп жүргөнүн танабы?..
Соңку убактарда Каныбек мырза ар кандай демөөрчүлүк жана кайрымдуулук иштерин кылып келгени, “эрдиктерин” соцтармактарга жабыратып, пиар өңүтүнө бурганы кызык. Шарияттан же жигитчилик вазыйпадан алганда, пенде баласы муктаждарга жардам кылганын даңазалабаш керек эй! Кечке эле мактана бергендерди элибиз жактырбайт эмеспи. Бул жагын этибарга албаган Каныбек Туманбаев эргүүгө кирип кеткенби, айтор, төш каккылагандай даңгыр жолдо келатат. Популизм оорусуна чалдыкканбы? Максаты – парламенттик шайлоого аттануу экен. Билими, тажрыйбасы болсо (бул жагынан өзүнчө кеп кылабыз), анда коомчулук астында акыл таймашына аттана берсин. Эл колдосо, капчыгы тээп турса, деңгээли жетсе, депутат болуш кеп бекен? Эң башкысы, интеллектуалдык арымы жетсе, кеп мына ушул жерде жатат...
"Азия Ньюс" гезити