Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Тагир Осмоналиев: «БШК преференциалдык шайлоо өткөрүүгө даярдыгы жоктугун көрсөттү»

Тагир Осмоналиев: «БШК преференциалдык шайлоо өткөрүүгө даярдыгы жоктугун көрсөттү»

03-декабрь, 16:34
1 708 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Баарына каршы добуш берген бир мандаттуу округдардагы кайра шайлоо кайсы мөөнөткө белгиленет жана кимдер талапкер боло алат?

-- Кайра шайлоо боюнча практиканы айта турган болсок, Бишкек шаардык кеңештин биринчи шайлоосу жараксыз болуп, кайра дайындоо болгондо мурда катышпаган саясый партиялар деле өздөрүнүн арыздарын берип аралашкан эле. Мында деле баардык талапкерлер катталып, шайлоого катышууга укугу бар. Ал эми шайлоо күнүн БШК календардык планга ылайык даярдайт. Анткени азыркы учурда өткөн шайлоонун жыйынтыгын көпчүлүгү тааныбай, добуштарды кайра саноо процесси жүрүп жатат. Бул териштирүүлөр бүткөндөн кийин гана бир мандаттуу округдар боюнча шайлоолорду дайындайт. 

-- Айрым райондордо мурда өтпөй калган талапкерлер кайра катышарын билдирип жатышат...

-- Мыйзам мындайда тыюу салбайт. Ошондуктан буга чейин шайлоого катышып, бирок өтпөй калган талапкерлер деле ат салыша берсе болот. Анткен менен логика жагынан ойлонуп көрсөк, жарандар ал талапкерлерге ишенбөөчүлүк көрсөтүп, каршы добуш бергенден кийин алар өздөрү ойлонушу керек. 

-- Ушундай маанилүү учурда сервердин бузулуп калуусуна жөнөкөй техникалык түшүндүрмө барбы?

-- Сервердеги сбой талапкерлер эле эмес, баардык шайлоочулар үчүн көп суроолорду жаратты. Бул жерде БШКнын преференциалдык шайлоо өткөрүүгө даярдыгынын жоктугу көрүндү. Кооптонуулар, мүчүлүштүктөр көп болорун, убакыт аздыгын алар алдын ала айтып келген. Буга шайлоочулар дагы даяр эмес эле. БШКнын катасы көп болду, участоктордо партиядан көрсөтүлгөн талапкерлердин аты-жөнү жазылган жана катар номери көрсөтүлгөн тизмелер, маалымат баракчалары илинген жок. Түшүнбөстүк жаралды. Мыйзамга ылайык шайлоо участоктору бекитилгенден кийин ал жерден баардык бюллетендерди кол менен санап чыгыш керек болчу. АСУнун маалыматтары болжолдуу маалыматтар, бирок практикада АСУ жана кол санактыкы бирдей эле чыгат. Чоң айырмачылык чыкпайт. Ошондой болсо дагы участкалар жабылгандан кийин БШК мүчөлөрү, байкоочулар сыртка чыгышпай, эшиктерди бекитип, бюллетендерди колго санап чыгышы керек эле. Көптөгөн участоктордо бул аткарылган жок. Кээ бир жерлерде байкоочуларды чыгарып жиберишкен, мунун баардыгы ишенбөөчүлүктү жараткан. Жеринде санап, протоколдорду колдоруна карматса, мынчалык нааразычылык ырбап кетмек эмес. Азыр кол санак жүрүп жатат. Чынында мыйзам боюнча кол менен саноо участоктордун ичинде бүтүш керек. Азыр БШКнын сайтын карап көрсөк, бүгүнкү күнгө чейин деле 2500гө чукул участоктогу жыйынтыктар 100 пайыз келе элек. Бул да ишенбөөчүлүктү жаратат. 


Анархан Алтымышова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер