Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Максат Нусувалиев губернатор Канат Жумагазиевге моюн толгой баштадыбы?

Максат Нусувалиев губернатор Канат Жумагазиевге моюн толгой баштадыбы?

27-январь, 11:53
1 457 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Токмок шаарынын мэри Максат Нусувалиев губернатор Канат Жумагазиевге карата тоготпогондой сөз чыгарып, моюн толгой баштаганы кандай? Бой көтөрүп, өзүнчө эрдемсий жүргөнүндө эмне мандем бар? Бул жигит Эрулан Кокулов менен жаакташа айтышып, коомчулуктун талкуусунда калган эле. Эми дагы баш бербей, көнгөн адаты менен жетекчисине акаарат келтире баштаса, аягын жоромолдоо оорчулук жаратып койбойбу? Балким, кимдир бирөөнүн шыкагына кирип алгандыр... Кандай болгон күндө да, кызматтык этиканы сактап, этияттап жүрбөсө, дайыма эле төш кага берүү оңунан чыкпастыр. Аныгында, Канат Жумагазиев көп жылдар бою милицияда жетекчилик кызматтарды аркалаган, билимдүү, тажрыйбалуу кадр. Сыртынан сыпайы көрүнгөнү менен ички духу күчтүү. Белдүү жигит. Ал одураңдагандарды, “оюн салгандарды” бат эле ордуна коюп коёт. Негизи эле Канат мырзага тирешкендер четке сүрүлүп, карьералык жана турмуштук сыноолордон “сынып” келатканын билебиз. Далайын көрдүк да...  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер