Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Абдувахаб Мониев, публицист: “Калк канчалык караңгы болсо, саясатчылар менен молдолор ошончолук оңой алдайт”

Абдувахаб Мониев, публицист: “Калк канчалык караңгы болсо, саясатчылар менен молдолор ошончолук оңой алдайт”

28-февраль, 23:51
2 733 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

(Уландысы. Башы өткөн санда)

-- Абдувахаб ага, анткениңиз менен, саясатка 90-жылдардын ортосунда ошол Акаев учурунда келген, анан Бакиев учурунда дагы иштеген адамдар деле азыркы саясатка аралашып жүрөт. Мисалы, Адахан Мадумаров. Ал азыр оппозицияда активдүү саясый ишмердик жүргүзүп атат, туурабы?

-- Анда-санда соцтармактан айткан-дегенин угуп-көрүп калып атам, Адахан Мадумаров ошо 95-жылкы деңгээлинде эле калган окшойт. Эми андан бери канча суу акты, бир муун эрезеге жетти. Ошол аралыкта Кыргызстанда болуп өткөн саясый окуя, бурулуш, көрүнүштөрдүн өзү эле азыркы мамлекеттик саясатка терең, ар тараптуу талдоо жүргүзүп, олуттуу кароого түртүп турбайбы. Бирок, Мадумаровдор баягы эле примитивдүү ой жүгүртүүнүн күүсүндө жүрөт. Көчө сөзүнөн көтөрүлө элек. Алтургай элемантардуу этика, кашкайган калыстыкты тебелеп-тепсөөнү дагы адатка айлантып алгансыйт. Айылдагы ажаан аялдардын деңгээлине түшүп, экс-президент Роза Отунбаевага деле асылып атат. (Чын-чынына келсе, Отунбаева кызматтан кеткен, ушул пенсиядагы кезинде деле кыргыз коому үчүн он Мадумаровдон өйдө иштерди жасап жатпайбы!). Дегеле, Мадумаров сыяктуу адамдардын азыркы кылган-эткени кыргыз үчүн эле активдүү саясый ишмердик болуп эсептелбесе, цивилдүү коом үчүн жөн эле бир былжырак. Бирок, караңгы калкка ошол жагат.  

-- А Өмүрбек Текебаевчи? Менимче, ал учурдагы эң “стаждуу” саясатчы болсо керек?..

-- Өмүрбек Текебаевдин баскан жолун, эмгегин дагы, дээр-деңгээлин дагы Мадумаров сындуу көпчүлүк кыргыз саясатчыларына салыштыруу орунсуз. Ал мындан 30 жыл илгери эле мамлекеттик-конституциялык түзүлүш ж.б. саясый маселелердеги түшүнүгү, билими, намыскөйлүгү жагынан кыргыз саясатында сап башында турган адамдардын бири болчу. Жакшы үй-бүлөдөн чыкса керек, адамгерчиликтүү. (Негизи эле Акманда жакшы адамдар көп). Көп окуп, изденип, өзүн өстүрүүгө тынымсыз аракет кылат. Тилекке каршы, анын ойлонуу, изденүү объектиси мамлекеттик бийликти бөлүштүрүү маселелери гана. Өмүрбек Текебаев ошентип мамлекетчил патриоттук сезимден куржалак көпчүлүк кыргыз саясатчы сөрөйлөрүнүн катарында бийлик, байлык көксөгөн убактылуу саясый кызыкчылыктардын, интригалардын айлампасынан чыга албай калды окшойт. Өлкөнү кантип өнүктүрөбүз маселесине келгенде, Конституцияга жабышкандан, мамлекеттик башкаруунун формасын өзгөртүүнү сунуштагандан башка не акыл айтып, аракет кылганы белгисиз. Билим берүү, илим сыяктуу мамлекеттин өнүгүүсүнө айныксыз өбөлгө, пайдубал боло турган келечектүү маселелерге байланыштуу демилге көтөрүп, ошол багытта кызыл чеке болуп тартышканын, күрөшкөнүн дегеле көрө элекпиз. Чөйрөнүн таасириненби, же рух дүйнөсүнүн жардылыгынанбы, айтор, Текебаев эл күткөндөй чыныгы мамлекеттик ишмер катары калыптана албай калды.

-- Дагы бир ой келет: көпчүлүк саясатчылар “система алмашмайынча эч кандай жылыш болбойт” деп келатпайбы. Мүмкүн, мамлекетибиздин өнүкпөй жаткандыгына система күнөөлүүдүр? 

--Система дегенде алар эмнени көңүлгө алып жатышат? Коомдук-саясый түзүлүштүбү? Андай десе, дүйнөнүн алдыңкы өлкөлөрүндө сындан өткөн азыркы системадан артыгын табуу кыйын. Же болбосо мамлекеттик башкаруу формасын айтып жатышабы? Мындай десек, дагы да өнүккөн өлкөлөрдүн практикасы ушундай экен, парламенттик башкарууга өтпөсөк болбойт (!) деп партиялык-парламенттик башкарууга өтүмүш болбодукпу. Кана өнүгүп кеткенибиз? Жээк-жаатчылдык күчөп, баардык тармакта жетекчилик кызматка кадрлар кошоматчылыгы, “шайлоодо иштеп бергендиги” үчүн гана тандалып отуруп, бар чарбабыздын кедери кетип атат. Менчик партиясы бар, лидер делген саясатчылардын эле аброю артып, капчыгы кампайбаса... Демек, айыптын баарын системага жабыштыруунун жөнү жок. Кандай система болбосун, ал өзүнөн-өзү иштеп кетпейт. Аны адам, жаран иштетет. Ошондуктан, система-пистема деп ар кепти чаргыткандан оболу, кыргыз мамлекетин, коомун түзгөн журтчулуктун адамдардын сапатына, дараметине, аң-сезимине көңүл бурган оң. Кептин баары улуттун тарыхый өнүгүштөн артта калгандыгында, караңгылыгында. 

-- А бирок, азыр элибиздин аң-сезими мурдагыдай эмес, болуп көрбөгөндөй өстү. Эл активдүү болуп калды го...

-- Муну дагы саясатчылар айтып жатышабы?

-- Ооба.

-- Саясатчылар менен молдолор үчүн калк канчалык караңгы болсо, ошончолук алдоого оңтойлуу. Анткени, караңгы элди карактоо, башын айлантып, пайдалануу оңой. Ошон үчүн алар калп жерден деле мактап, жазгырып, караңгы бойдон кармап турганды туура көрүшсө керек... Тарыхка кичине кылчаялы. XIX кылым кыргыз эли үчүн нагыз караңгылык, наадандыктын, шермендечиликтин мезгили болуптур. (Аны учурунда улуу акын Молдо Кылычтан башка кыргыз деле андабаса керек). Ырас, андан кийин СССРдеги коммунисттик режим 70 жыл ичи кыргызды туташ сабаттуу кылды. Бирок билимдүү кылып жиберген жок. Ошону менен улуттун сырткы сөлөкөтү эле өзгөрдү. Улуттук интеллигенциянын жигердүү чөйрөсү эсептелген окумуштуу-илимпоздорубуздун, жазуучу, журналисттерибиздин, дегеле, баарыбыздын айткан-жазган, кылган-эткенибизден эле аң-акылдын, ой жүгүртүүнүн чектелгендиги, жөпжөнөкөй сынчыл көз караштын жоктугу кашкайып көрүнүп турбайбы. Бизде рационалдуу ой калчай билгендер өтө аз, “аба ырайына” таасир эте албайт. Саясатчылардын арасында болсо жокко эсе. Маселен, саясатчыларыбызды сыртынан карасаң, баары алдыңкы, Батыштын стандартын кармайт. Ошолорду туурап кийинип, моюнга галстук, той-топурда “көпөлөк” дагы тагып алышат. Ошолордой басып-турганга, күлгөнгө аракет кылышат. А ичине – мээсине башбаксаң, баягы XIX кылымдагы уруучулук-патриархалдык аң-сезим, бай-манаптык көз караш! Арасында керт башы, көроокаты үчүн акылдуулар оголе арбын. А жалпы мамлекеттик ишке, жалпы улуттук оокатка-кызыкчылыкка  келгенде акылга чукак.

-- Элибиз жабыла митингге чыгып, керек болсо бийликтин чечимдерин өзгөртүп, мамлекеттик кызыкчылыкка каршы келген келишимдерди дагы жокко чыгартууга жетишип жатпайбы? Акыркы эле айларда Матраимовдорго асылган митинг өттү. Чек ара маселеси боюнча чыр чыкты. Ат-Башыга логистикалык борбор куруу маселеси митингдин күчү менен токтоду...

-- Тилекке каршы, калктын калың катмарынын караңгылыгын, билип-билбей, түшүнүп-түшүнбөй (түшүнүүгө далалат деле кылбай), ушакка деле уугуп, айдаган жакка кете берген сүрмө топтугун ошол митингдердин өзү тастыктап атат. А мындай сүрмө топ ар кандай ички-тышкы, кыйды-кыйыр күчтөр үчүн даяр курал. Мамлекет бүтүндүгү, стабилдүүлүк үчүн кооптуу. Дегеле, мамлекеттик-улуттук мүдөө караламанды көчөгө чыгарып айкыртуу менен корголбойт. Акылдуу эл өз мүдөөсүн антип талашпайт. Туруп-туруп эле 30 жылдан берки Кыргызстандагы баардык балээнин башаты болгон сыяктуу жалгыз бир үй-бүлөгө – Матраимовдорго асылып, бакырып чыгабыз. Кудайды карасакчы? Анан туруп-туруп эле “кокуй, кытай каптап кетти” деп кылкылдаган бүтүндөй кытай элине каршы кыйкырып калабыз. Ушундан эле биздин “активдүүлүгүбүз, патриоттуулугубуз” логикага анча сыйбай тургандыгы айгине болуп атпайбы. А ксенофобия болсо эзелтен эле артта калган, алсыз, билимсиз элдерге тийиштүү көрүнүш.

-- КР Конституциясы канча ирет өзгөртүлгөндүгүн деле санай албай калдык окшойт. Эчен жолу өзгөртүү, толуктоолор киргизилди. Ошого карабай, дале ара-чолодо “Конституцияны өзгөртүү керек” деген сунуштар айтыла калууда. Башмыйзамыбыз эмнеден аксап жатат?

-- Конституция аксабайт, адамдар аксайт. Мен бул маселеге байланыштуу тээ Акаевдин мезгилинде Конституцияны дагы да өзгөртүү үчүн референдум өтөрдүн алды, 2003-жылдын 31-январында: “...Коомдук аң-сезим көтөрүлмөйүн, турмуштук шарт ыңгай түзмөйүн, дүйнөдө теңдеши жок Конституция “жасап” алсак деле акыбалыбыз оңдолуп кетпесин түшүнүп, моюнга алуу үчүн ашыкча акылдын деле кереги жок” деп жазган элем. Андан берки 17 жылдык турмуш анын тууралыгын эң сонун тастыктады. Бирок, “оро албаган орок тандайт” болуп, дале асылганыбыз Конституция, мамлекеттик бийликти бөлүштүрүп, үлөштүрүү. Анан дагы биздин саясатчылар саясый, мамлекеттик бийлик маселелери чыкса эле, “Америкада мындай” деп, АКШны, же Батыштын дагы бир өнүккөн өлкөсүн мисалга тартат. А экономикалык проблема болсо, Япониянын, же Кореянын тажрыйбасын айтат. “Америкада мындай, Японияда тигиндей” дегенден оболу биз өзүбүздү өзүбүз таанып, акыл-эс, илим-билимибиздин пастыгын моюнга алып, адегенде ушул жагынан ошол алдыңкы элдердин деңгээлине жетүүгө күч үрөгөнүбүз кажет. Жараны билимдүү, акылдуу, абийирдүү, эмгекчил болсо, андай мамлекет тоталитардык-авторитардык диктаттан тыш кандай бийлик болсо да, алтургай монархиялык башкаруу менен деле өнүгүп-өсө берет.

-- Алдыда парламенттик шайлоо. Кыргызстандагы саясый партиялардын дарамети тууралуу кандай ойдосуз? Деги бизде күчтүү партиялар барбы? 

-- Кыргызстанда классикалык үлгүдөгү саясый партиялар жок, жакын арада калыптанары да күмөн. “Ала кушту атынан чакырсак”, бизде партия деп катталган уюмдар чыныгы саясый партияга пародияга да жарабайт. Анткени, дегеле азыркы кыргыз коомунда саясый партиялардын жашап, тамырлашы үчүн социалдык кыртыш жок. А накта саясый партия коомдо атаандаш саясый идеялар жашаган шартта дал ошол идеологиялык принциптердин негизинде гана түзүлөт. А кыргыз интеллигенттери көкүрөгүндө кандайдыр мамлекетчил, саясый идея багып, бапестеп, ошону ишке ашыруу үчүн күрөшүп, же сүрөөнчү болуп көнгөн эмес. Ошондуктан бизде чөнтөгүндөгү пулу тынчтык бербей, амбициясын козуткан бай адамдар убактылуу кошоктошо калып, “Жомок”, “Санжыра”, “Шерине”, “Кесиптеш”, “Бар бол” же болбосо “Бириктик”, “Ачылдык” деп деле партия түзө берет. Же кээ бир төбөсү көрүнгөн саясатчылар менчик партия болумуш ачып алышы ыктымал. Ыйык Ата журтубуз, Ата мекенибиз Кыргызстандын атын оңду-солду чаптай беришип, тамтыгын чыгарышты. Ток этери, “бизде бул социалист, тигиниси либерал” дегидей идеологиялык өзгөчөлүккө ээ партия да, ошол тутунган идеологиясына, принциптерине карап, тандап, шайлай турган электорат да жок.  Мындай шартта парламенттик башкаруу, партиялык система дегендерибиз жөн гана оосар сөз экендигин акыркы 10 жыл жакшы эле далилдеди.

-- Канткен менен ошол партияларыбыз деле шайлоодо өлкөнү өнүктүрүү боюнча өз алдынча шайлоо программасы менен чыгып жатышпайбы?

-- Эми ал программа дегенин тиер-биерден көчүрүп, чампалай коюш аталадан асан иш. Мисалы, караламан элге жага турган андай программаны бир түзүк журналист деле эки саатта жазып, даярдап бериши мүмкүн. А бирок саясатчынын мээсинде, көкүрөгүндө эмес, кагазда же оозунда гана жашаган ал программадан не пайда, ишке ашмак беле?


(Уландысы бар)

Элдияр Сулайманов 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер