Дүйшөнбек Камчыбеков: “Кызыл-Омполдо айтылган миллиарддар чындыкка дал келбейт”

Өткөн аптада министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кызыл-Омпол кени иштетиле баштаганын билдирип, капсула салууга катышты. Бирок айрым жагдайлар берилген маалыматтарга дал келбей, адистер өз пикирлерин айтып чыгышууда. Бул боюнча биз тоо-кенчилер жана геологдор ассоциациясынын төрагасы Дүйшөнбек Камчыбеков агайга суроо узаттык.
-- Жакынкы күндөрү эле Акылбек Жапаров Кызыл-Омполдо казуу иштери башталганын айтып, Кыргызстан Кызыл-Омполдун титаномагнетит кенинен 88 миллиард доллар киреше таба аларын айтты. Адис катары сиздин оюңузду уксак?
-- Ооба, Акылбек Жапаров Таш-Булак участкасында 13 миллион тонна титаномагнетиттин запастары бар экенин, бирок 2 миллион тонна титаномагнетит казып алуу учурунда жоготууга учураса, 11 миллион тоннасын биз 8 миң доллардан сатсак, 88 миллиард доллар киреше болорун айтты. Бул чындыкка дал келбеген нерсе. Биз руданы 11 миллион тоннабы, 1 миллион тонна болобу, руда түрүндө эч качан 8 миң доллардан сата албайбыз. Эң акыркы чыгарылышын, титаномагнеттин губкасын 8 миң доллардан сатсак болот. Бирок ага жетип, аны алыш үчүн көп жумуштар жасалышы шарт. Адегенде руданы казып, андан титаномагнетитти бөлүп алып, анан концентрат түрүндө даярдоо зарыл. Концентраттан магнетитти өзүнчө, титанын өзүнчө бөлүп алыш керек. Анан ошол титандан жогоруда белгилеген губканы чыгаруу керек. Губкасын чыгарган соң гана биз тоннасын 8 миң доллардан сатсак болот. Эми мунун баарын аткарыш үчүн дагы көп жумуштар жасалуусу шарт. Ушундай өндүрүштү куруу үчүн 200 мегаваттын тегерегинде электр энергиясын берип, ага кошумча 1 миллиард доллар салуу керектигин айтты. Бизде мындай мүмкүнчүлүк жок. Себеби, 2027-жылга чейин электр энергиясы боюнча сөзсүз түрдө тартыштык жаралат, ошону толуктоо боюнча иштер жүрүүдө. Экинчиден, бизде 1 миллиард доллар жок. Сырттан инвесторлорду тартсак, ал сөзсүз түрдө титаномагнетиттин көлөмү, кору канча экендигин карайт да. Ал жерде жалпысынан аталган беш участокту кошкондо болжолдуу кору 13 миллион тонна чыгат. Ал эми Акылбек Жапаровдун сөзүндө бир эле Таш-Булак участкасында болжол менен 13 миллион тонна кору бар (!) дейт.
Сиздердин гезитке мурунку сандарда белгилеп айтып өткөм. Ал жерде болгону 1,6 миллион тонналык титаномагнетит бар. 1,6 миллион тонналык запаска бир дагы инвестор келип, 1 миллиард доллар каражат салбайт. Себеби, дүйнөлүк практикада, ошол эле Россиянын иштетип жаткан комбинаттары жылына 42 миң тонна титан губкасын чыгарат. Ал эми биринчи орунда турган Кытайда жылына 230 миң тонна титан губкасы өндүрүлүп атпайбы. Алар жылына 1 миллион тоннадан кем эмес руданы кайра иштетишет. Анан биз Таш-Булакта жайгашкан 1,6 миллион тонна титаномагнетити бар рудага комбинат иштетүүгө чамынганыбыз опурталдуу нерсе. Чындап эле чыгынсак, анда Таласта, Бала-Чычканда жайгашкан титаномагнетиттин кени бар (болжолдуу кору 500 миллион тонна), анын ичинен магнетити 400 миллион тоннага жакын болсо, титаны 100 миллион тоннадан ашык. Биз ал жерге чалгындоо иштерин жүргүзүп, анан инвестор тартсак, экономика жагынан пайда жаратмакпыз.
Дагы бир кошумчалай кетчү нерсе, Акылбек Жапаров “Кытайдан 5 миңдей жүк ташуучу унаалар келип, кайра бош кетип жатат. Ал унаалар аркылуу титаномагнетитти концентрат катары жөнөтөбүз” деп айтты. Биз концентрат чыгарсак болот, аны 500 доллардан сатабыз, бирок “кытайлар алат” деген маалымат кичине суроо жаратат. Себеби, Россия титаномагнетити бар концентратты 50 долларга эле сатууну айтышууда. Ошого байланыштуу биз концентрат түрүндө чыгарып сатканда канча пайда табарыбыз суроолуу маселе.
-- Урандан акча табууга мүмкүнбү?
-- Кызыл-Омпол кени кыргызстандыктарга титаномагнетити менен эмес, урандын запасы менен жакшы белгилүү. Аны кайра иштетүү боюнча министрлер кабинетинин башчысы Кара-Балта тоо-кен комбинатынын калдык сактоочу жайы таштанды чыгарууга даярдалганын билдирди. Алар уранды камтыган продукциянын калдыктарын ошол жерге көмүүнү пландап жатышат.
Кызыл-Омполдо урандын запасы болжол менен 3,6 миң тоннаны түзөт, ал эми Кара-Балтадагы заводдун өндүрүштүк кубаттуулугу канчага жетери дагы маселе. Менин оюмча, резервдер өтө аз. Мисалы, коңшу Казакстан жылына 20 миң тоннага жакын, Өзбекстан 5 миң тоннага жакын уран продукциясын чыгарат. Казакстанда урандын запасы 700-900 миң тоннага жетет. Ошондуктан Кыргызстан мындай көрсөткүчтөр менен мактана албайт.
-- Экология маселесине да токтолсок...
-- Эң негизгиси, Кызыл-Омпол кенин иштетүүдө экологиялык көз караштан алганда, өтө катуу чараларды көрүү зарыл. Жакын жерде трасса, Борскоон дарыясы, Орто-Токой суу сактагычы бар. Ошондуктан экология маселесинде коопсуздук эрежелерин так сактап, аткарбасак, өзгөчө кырдаал жараларын эске алалы. Быйыл эле Миң-Кушка жакын жердеги “Туюк” калдык сактоочу жайын рекультивациялоо учурунда таштандылары бар унаалар сууга түшүп кеткен эки жол кырсыгы катталганын кайда жашырабыз?..
"Азия Ньюс" гезити