Жаныш Бакиевдин буйругу менен Медет Садыркуловго кулак-сөөмөй белекке берилгени элдин эсинде. Мындай ыплас ишти милиция кызматкерлери жүзөгө ашырышкан. Эске салсак, агездеги Свердлов РИИБнин орун басары Рысбек Кулмамбетов “жүрөк үшүн алган операцияны” жетектеп, оор кылмышка барганы кийин ачыкка чыкты го? 2010-жылдагы ыңкылаптан соң Турат Мадылбеков Бишкек ШИИБни жетектеп калган. Ошондо маркум М.Садыркуловго кулак-сөөмөйдү жөнөттүргөн Рысбек Кулмамбетовго издөө жарыяланган. Бул боюнча аткаруучу эки опер көрсөтмө берип, көп сырлар ачылган эле. Ошол бойдон кылмыштын негизги фигуранты таптырбай качып жүрөт. Айрым маалыматтар боюнча, ал корей улутуна айланып, аты-жөнүн өзгөрткөнү болжонуп келет. Эң кызыгы, учурдагы акыйкатчы Жамиля Жаманбаева ошол кезден бери Рысбек Кулмамбетовдун досу, жакын адамы катары жүргөнү, мындай жылуу мамилеси белгилүү чөйрөгө маалымбы? Өтө оор кылмышка айыпталган адамды калкалап, жашырып-жаап келгенин кандайча түшүнөбүз? Ушул соболдорго жооп бере алабы? Тарыхта так кала турган окуя эмеспи. Акыйкатчы болуп отурууга Ж.Жаманбаеванын моралдык укугу барбы?