Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эртең эгемендүүлүк күнү кыргызтандыктарды кандай шаан-шөкөттөр күтөт?

Эртең эгемендүүлүк күнү кыргызтандыктарды кандай шаан-шөкөттөр күтөт?

30-август, 17:23
1 424 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Эртең, 31-августта Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдык юбилейине байланыштуу Бишкектеги борбордук Ала-Тоо аянтында аскердик парад өтөт. Бул тууралуу Бишкек мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Түзүлгөн план-сценарийге ылайык, мамлекет башчы кыргызстандыктарды эгемендүүлүктүн 30 жылдыгы менен куттуктайт. Салтанаттуу парадга коргоо министрлигинин, УКМКнын, чек ара кызматынын, Улуттук гвардиянын, абада коргонуу күчтөрүнүн, ӨКМдин, ИИМдин жана ИИМ академиясынын өздүк курамынын аскер кызматкерлери, милиция кызматкерлери тартылыт. Жалпысынан күч түзүмдөрүнүн эки миңдей өкүлү, аскер кызматкерлери катышат.

 Мындан сырткары, аянттан зооттолгон танка, БМП, БТР, артиллериялык аскер техникалары көрсөтүлөт. Аскердик парадга коргоо министри Таалайбек Өмүралиев жетекчилик кылып, аны куралдуу күчтөрдүн башкы колбашчысы, өлкө президенти Садыр Жапаров кабыл алат.

Салтанаттуу иш-чара эмгекчилердин, маданияттын жана искусствонун мыктыларынын, спорттун ардагерлеринин, атактуу спорт чеберлеринин парады менен уланат.

Эгемендүүлүк күнүнө арналган салтанат кечинде концерттик программа менен уланат. Анда министрлер кабинетинин башчысы Улукбек Марипов кыргызстандыктарды куттуктайт. Концерт мекенчил ырлар менен коштолот. Аягында майрамдык фейерверк атылат.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер