Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Төлөгөн Келдибаев: “Төрт-беш сотту пара менен кармап алып, жаза бергенден майнап чыкпайт”

Төлөгөн Келдибаев: “Төрт-беш сотту пара менен кармап алып, жаза бергенден майнап чыкпайт”

15-ноябрь, 09:00
568 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Төлөгөн мырза, иштей албай кызмат которгон Айбек Жунушалиев экинчи ирет Бишкектин мэри болгону сын-пикирлерди жаратты. Эмне үчүн иштин көзүн таба албагандарды кайра жооптуу кызматка дайындай беришет? Бийлик кадр кризисине кептелдиби?

-- Мындай кырдаалды мен өкмөттөгү кадрдык кризис катары баалайм, тагыраагы, бийликтин айласы кеткендеги кадамы. Өкмөттүн кадрдык жүрүштөрү түшүнүксүз болуп жатат. Эмне себептен Бишкектин мэри иштен алынды? Кыргызстандын тарыхында орун алган кадрларга жоопкерчиликсиз мамиле уланып жатат.         

Садыр Жапаров Бишкек шаарынын мэриясына тийешелүү мекеме, уюмдардын жетекчилерин, шаардык кеңештин депутаттарын жыйнап, жыйын өткөрүп, Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыровду кызматтан алып жатканынын себебин айтып, иштей албаган болсо сындап, кемчилигин айтып, анан кетириш керек болчу. Же жакшы иштесе мактап, жетишкендиктерин белгилеп, өкмөткө кетип жатканын билдириш керек эле да. Ошондой эле анын ордуна келип жаткан Айбек Жунушалиевди эмнеге тандаганын, анын буга чейинки мактоого татыктуу иши үчүн борборубуз Бишкек шаарына мэрлик кызматына дайындап жатканын түшүндүрсө туура болмок. Президенттин жарлыгын бир вице-министрге берип мэрияга жөнөтүп койбой...

-- Баса, туунун нурлары тике болуп оңдоло турган болуп калды окшойт. Спиркер бул маселеге катуу киришип жатат. Туу оңдолсо эле телегейибиз тегизделе түшөбү?

-- Ар бир мамлекеттин өзүнүн туусу, герби, гимни жана башка мамлекеттик символикалары болот. Биздин өлкөнүн туусу Кыргыз ССР убагында деле кызыл болгон. Эгемендүү мамлекет болгондон кийин өлкөнүн символикалары шашылыш же чийки кабыл алынган. Мисалы, туунун ортосундагы түндүктүн айланасындагы күнкараманын жалбырагына окшош эмне маанини берерин билбейм. Ал эми гербдеги куштун бир буту үзүк, чолок куш, гиминде болсо мындай текстер бар болчу:

Байыртадан бүткөн мүнөз элиме,   

Досторуна даяр дилин берүүгө, 

Бейкуттукту берет кыргыз жерине, - деп жазылган бөлүгү бир топ сын-пикирден соң алынып салынды. Сөздөрдүн маанисин түшүндүрүштүн зарылдыгы жок. Өлкө гимндери 3 мүнөттүн айланасында болот. Азыр бир куплети алынып, гимнибиз декламацияга окшоп калды. Көз карандысыз мамлекет болгондон кийин мамлекеттик символикаларды кайрадан карап, иштеп чыгып, татыктууларын тандап, коомдук пикирлерди эске алып кабыл алыш керек да. Кошуна мамлекеттердин гимндерин угуп жана башка белгилерин, символикаларын да көрүп, анан таразалаш керек да. Биздин мамлекеттик белгилер, символикалар кээ бир партиялардын символикаларына, гимндерине салыштырмалуу мааниси жагынан да артта турат.

-- Соттор пара менен кармалып жатышат. Аларды ротациялоо анча натыйжасын бербей жатабы?

-Соттор президенттин ишенимин актабай, кайрадан мурдагы эл ишенбей калган кейпине жетип калышты. Буга далил – ротациялоо жолу менен иштеп жаткан соттордун кармалышы, камалышы. Бул аныкталып, тузакка түшкөнү, тузакка түшпөй, адилетсиз чечимдерди чыгарып жатканы канча?! Жакында эле ротация болгон соттор барган жерден орун алышып, дос, тууган табышып, мурдагыдай эле чечимдери чыгара башташты. Биздин өлкөдө сотто акчасы көп адам утулбайт. Мамлекет ротациялоо жолу менен келген сотторду жогорку өлчөмдөгү эмгек акыдан сырткары, жашоого ыңгайлуу турак жай менен камсыздап, ага кетүүчү ижара акыны төлөп берип, чоң ишеним менен аймактарга жөнөттү. Бирок, алар ишенимди актоонун аракетин көрүшкөн жок. Сот ишмердигин жакшыртуу үчүн Кытай мамлекетинин сот тармагындагы аларга берилген укук, милдет бийликтин соттон сураган талабын пайдалансак болот. Кытайда өз баласы кылмыш кылып камалып калса, сот болуп иштеген атасы мыйзам чегинде баласына өкүм чыгарат. Эгерде сот мыйзам бузса, жоопко тартыла турган адамдын айыбына тагылган берене менен өзү сот жообуна тартылат. Өлкөдө адилеттүүлүк болбосо, өнүгүү да болбойт. Биз да соттор жөнүндө мыйзамдарды кайрадан карап чыгып, мыйзам бузгандарга катаал чара көрө турган өзгөртүү, толуктоолорду киргизишибиз керек. Андай кылбасак, сот системасы өзгөрбөйт, төрт-беш сотту пара менен кармап алыпжаза бергенден майнап чыкпайт. 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер