Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ошон үчүн сен жамгырсың...

Ошон үчүн сен жамгырсың...

09-март, 17:49
1 726 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

    Жамгыр, сен күздөн калган, куураган, чириген жалбырактар сымал эскирген кирдеген сезимдерди, чаң баскан сезимдерди тазалайсың. Карыган сезимдерди жашартасың .Тумчуккан сезимдерге, буулуккан сезимдерге, муңканган сезимдерге курбу болуп, бакыт тартуулайсың. Жалгызсыраган жүрөктөр менен сырдашасың. Ошон үчүн сен жамгырсың. Жаздын жамгырысың... Өзүнүн кооздугу менен, аңкыган жыпар жыты менен жашоону бейишке окшоштурган гүлдөрдү, апакай байчечекейди, кыпкызыл жоогазын, розаларды, жыты аңкыган сирендерди сен ачып бересиң. Ошон үчүн сен жамгырсың. Жаздын жамгырысың... Сен сүйүүгө, тамчылардай тунук, таза сүйүүлөргө күбө болосуң. Баардык тирүү жанга сен бактылуу көз ирмем болуп каласың. Сен ошон үчүн жамгырсың. Сен ошон үчүн жаздын жамгырысың... Алыста калган качанкы бактылуу күндөрдү эске саласың.

Эгер адам сезе билсе, жамгыр төккөндөн кийинки күн желесин караган кандай керемет! Жаздын жыты, жамгырдан кийинки аңкыган жыты кандай кереметАк жамгыр, төгө берчи! Туптунук тамчыларың мөлтүрөтүп тыйылбасын...  


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер