Ташиев баңгизат менен шугулданып байыганбы?


“Бандиттер” байырлаган Ош аймагынын Кара-Суу РИИБ начальнигине наркобизнесте иштеп жүргөн Талант Ташиев аттуу “баатыр” барганы жатканы кабарланды. Бул кадр боюнча УКМКда кат-кат материалдар жатканы каңкууланды. Эске салсак, Талант Ташиев бир кезде атылып өлтүрүлгөн Толкунбек Шоноевдин өнөктөш коллегасы катары кыңыр иштерге жакын беле? Чоң өлчөмдө баңгизат кармашып, наркобарондорго бөлүшпөй коюшуп, аягы каргашага кабылышканбы? Ушундай кирдүү иштерди көзөмөлдөп келеби? Ташиевдин Ошто хансарайы, Бишкекте элиталык батирлери барбы? Ооба, биз суроолорду беребиз, тийешелүү органдар иликтесин! Калкы көп Кара-Суу районуна професионал, арты таза, уюштургуч жетекчи дайындалышы шарт. ИИМ кадр саясатына кылдат көз салбаса, акыркы кездери ким кайда чуркаса эле бакыйган креслолорду басып жыгыла беришеби?
"Азия Ньюс" гезити











