Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Коррупция тууралуу билдирген адамга сый акы төлөөнүн тартиби бекитилди

Коррупция тууралуу билдирген адамга сый акы төлөөнүн тартиби бекитилди

25-ноябрь, 04:54
1 621 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Министрлер кабинети коррупциялык укук бузуу тууралуу билдирген адамга сый акы төлөөнүн тартибин бекитти. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы 24-ноябрда билдирди. Расмий маалыматка караганда, коррупциялык укук бузуу тууралуу билдирген адамга сый акы төлөө – иш боюнча ордун толтуруудан жана мамлекеттин кирешесине түшкөн каражаттын суммасынан 10% өлчөмүндө (бирок бир миллион сомдон көп эмес) жүргүзүлөт.

Сый акы төмөнкү учурларда төлөнөт:

-- комиссиянын чечими менен ырасталган коррупциялык укук бузуу тууралуу маалымат тийиштүү адам тарабынан берилгенде;

-- мыйзамдуу күчүнө кирген, акыркы болуп саналган жана даттанууга жатпаган соттук актысы бар болсо;

-- коррупциялык укук бузуу менен мамлекетке келтирилген материалдык зыяндын орду толтурулганда. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер