Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Руслан КАЗАКБАЕВ, “Республика – Ата Журт” фракциясынан ЖК депутаты: “Өмүрбек Токтогулович өзүнүн иштери менен жүрөт. Жакында кайра келет”

Руслан КАЗАКБАЕВ, “Республика – Ата Журт” фракциясынан ЖК депутаты: “Өмүрбек Токтогулович өзүнүн иштери менен жүрөт. Жакында кайра келет”

07-октябрь, 10:23
338 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌


-- Руслан Айтбаевич, лидериңиздер Өмүрбек Бабановдун кетиши боюнча эмне айта аласыз?

-- Эчтеке. Эмне деп айтам? Өзүнүн иштери менен жүрөт. 

-- Биротоло кетип калган жокпу?

-- Эмнеге биротоло кетмек эле? “Мен иштер менен кеттим. Жакында кайра келем” деп өзүнүн кайрылуусун жарыялады го. 

-- Өмүрбек Токтогулович күбө катары эки жакка чыкканга укугу бар да?

-- Ооба. УКМК да өзүнүн комментарийин берди го, “ал күбө катары суралып жатат, кайсы жакка чыкса өзүнүн эрки” деп. Өмүрбек Токтогулович ишкер адам да. Долбоорлору менен жүрөт. Калганын билбейм. 

-- Качан кайра келерин айткан жокпу?

-- Жок. 

-- Фракцияңыздарда башка өзгөрүү жокпу? “Лидер алмашат экен” деген сөз болуп атты эле?

-- Аны деле мен билбейм. Эч ким мага андай деп айткан эмес. ЖМКлардан угуп аттым. Силер каяктан уктуңар, билбейм. Баары эле өз жолу менен иштеп атышат. Тынч эле баары. 

-- Кечээ эле өкмөт башчы Мухамметкалый Абылгазиев Кумтөр кенине барып келбедиби? Сиздин оюңузча, “Центерра” менен түзүлгөн жаңы келишим биздин экономикага кандай пайда берет?

-- Премьер-министрдин Кумтөр маселесине, жалпы эле Кыргызстандагы жер байлыктарына кызыгып, инвесторлордун жетекчилери менен сүйлөшүп, келишимдерге кайрадан көз жүгүртүп жатканы – бул туура меселе. Бюджеттин тартыштыгына, азыркы социалдык-экономикалык жагдайга байланыштуу мунун баары керек нерселер. Бюджеттин киреше маселесин алсак, Кумтөр өзгөчө салым кошуп жаткан негизги кен байлыгыбыздын бири да. Көптөгөн кен байлыктарыбыз, тилекке каршы, иштелбей жатат, келген инвесторлор жакшы иштете албай жатат. Өзүбүздүн жергиликтүү чоң ишкерлер болсо “тобокелчилиги жогору” деп кен байлыктарга жакшы киришкен жок. Мен Кумтөрдүн ички техникалык сандарына азыр киргим келбейт. Себеби, Кыргызстан көз карандылыкты алгандан бери Кумтөргө биринчи болуп “Сиябеко групп” келгенден бери канча өкмөт башчынын, канча министрлердин, жөнөкөй сөз мен айтканда, кимдердин башын жутту? “Ал-тын” дегендей эле канча өкмөт башчыларыбыз, бийликте тургандар столдун үсүнөн да, столдун астынын да алып, тынып атышты. Акыркы жылдары эле Кумтөр маселесин чечүү боюнча кандай гана арекеттер болду, өзүңүздөр билесиздер. Бабанов премьер-министр болуп турганда ал өзүнүн аракетин жасап, “Айкөл Ала-Тоо” фондун түзүп, 3 миллиардга жакын сом алып, айыл чарба ишкерлерине кредит берилди. Кийин Жантөрө Сатыбалдиев да кайра куруу боюнча өз аракетин жасады. Ошол эле убакта жер байлыгы деген ал түбөлүк эмес да. Алтындын запасы азайып, экологияга зыянын тийгизип жатат. Жакын арада эле “Кумтөргө берүү үчүн ошол жердеги коруктун чек арасы өзгөртүлгөн” деген маалыматтар чыгып атат. Мен ойлойм, мунун артында дагы бир чындык болушу мүмкүн. Балким, биз жакын арада дагы бир чоң чатактын үстүнөн чыгарбыз... 


Керим МУРАС

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер