Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Качып кеткен Мелис Мырзакматовго көпчүлүк ишенбей калыптыр

Качып кеткен Мелис Мырзакматовго көпчүлүк ишенбей калыптыр

25-ноябрь, 05:10
1 505 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Улуттар Биримдиги” партиясын парламенттик шайлоого алып чыккан Мелис Мырзакматов коомчулуктан анчалык колдоо таба албай, четке сүрүлгөнү байкалууда. Эмне үчүн көпчүлүк ишенбей атат? “Балык башынан сасыйт” деп бекер айтылбагандыр. Себеби, Мелис Мырзакматов убагында коррупцияга айыпталганы, кылмыш иштери козголгондо качып кеткени, башка саясатчылардай күрөшө албай, түштөн кийин курулай шылтоолорду айтып, актанганы суу кечпеди. Эр жигиттин башына нелер келип, не кетпейт? Чыныгы мырза кыйынчылык күндөргө чыдап, күрөшөт, сынбайт. Ал эми Мелис Мырзакматовго кысым башталганда “куйругун түйүп”, сызган бойдон өлкөдөн чыга качкан. Чогултуп алган каражатына манчыркап, Түркияда жыргап жашап жүрдү. Качан гана былтыркы төңкөрүштөн кийин келе калып, элден биринчи акталып, оозун көптүрө жасалма сүйлөп, аягында шайлоого баратат. Эл башына күн түшкөндө качып кеткен “саясатчыны” ким шайласын? “Көнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы?” дегендей, эртең Мелис Мырзакматовдун жанына күч келсе, бийлик кайрадан кылмыш иштерин көтөрсө, адатынча чет өлкөгө безе качабы? 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер