Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » АКШнын жаңы бажы төлөмдөрү Кыргызстанга кандай таасир этет?

АКШнын жаңы бажы төлөмдөрү Кыргызстанга кандай таасир этет?

14-апрель, 19:58
472 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌


Улукман Мамытов, экономист:

-- АКШ менен болгон соода жүгүртүүнүн статистикасына карасак, алар тариф киргизген биздин экспорт болгону 6,3 миллион долларды түзөт. Бул биздин жалпы экспорттун 0,2 пайызы, башкача айтканда, 500дөн бир бөлүгү. Кыргызстандын экономикасы үчүн бул төлөмдөр анчалык деле маанилүү эмес жана бир-эки ишканабыз үчүн ыңгайсыздык жаратат. Алар негизинен бал, тамеки, айрым кийим-кечелерди жөнөтүшөт. Менимче, мындай саясат Кыргызстанга каршы атайын киргизилген санкцияларды билдирбейт, анткени Трамп мындан да катуу чектөөлөрдү Кытайга, Европа мамлекеттерине жана жакын союздаштарына киргизди. Алар өз кезегинде мындай кадамдарды айыптап, жооп чараларын пландап жатышат.

Токтогул Какчекеев, саясат талдоочу:

-- КР ОДКБнын ЕАЭБдин мүчөсү, демек, ушул абалдагы өзүбүздүн стратегиялык байланышыбыз АКШга жакпайт. Биздин ажобуз РФ менен карым-катнашты чыңдоодо, демек, мындай саясат да Батыш өлкөлөрүнө жакпайт. Алар бизге сыртын салып, биздин АКШга жөнөтүлгөн товарлардын бажы төлөмдөрүн көбөйтүүдө. Ал эми ЕАЭБ болсо биз менен ыңгайлуу алака түзүү аракеттерин Самарканд шаарында көрсөттү.


Гүлжан Төрөбаева

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер