Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Биримдикчи” Каныбек Туманбаев каржылык чыр-чатактарга аралашканбы?

“Биримдикчи” Каныбек Туманбаев каржылык чыр-чатактарга аралашканбы?

02-сентябрь, 21:19
1 804 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Коммерсант Каныбек Туманбаев башында Икрам Илмияновдун “кол баласы” катары кызмат кылып жүрүп, бийликтин жарыгына кыйла эле жылынган. Шопурдун аркасы менен байыганын ЖМК жазып чыгышкан эсибизде. Кызыгы, улам бийлик алмашкан сайын Туманбаевдин туурга конуп келатканы таңгалдырат. Сооронбай Жээнбеков президент болгондон кийин иниси Асылбекке эрмешип, былтыр “Биримдик” партиясы аркылуу парламенттик шайлоого катышкан. Миллиондорду төлөбөсө тизмеге киргизмек беле?.. 

Мындан сырткары да олуттуу суроолор жаралууда. Муфтияттан 150 миллион сомду Каныбек Туманбаев фирмасы аркылуу алып чыгып, былтыркы шайлоого катышкан “Биримдик” партиясына төгүп бергени ыраспы? Кылмышын жабуу үчүн 1 миллион доллар “кусуп” бергенби? Бул чуу боюнча Максат ажы Токтомушев камалып чыкты го? Анан калса, азыр абактагы Дашков менен курулуш компаниясын “жең ичинен” иштетип, миллондорду сологонбу? А баса, өткөн жылдын октябрь айында шайлоонун шайтан оюндарынан кийин Аксыда жаңжал чыгып, бир адам каза таап атса, бул каргашага себепчи болгон эмеспи? Кичи мекениндеги үч жердешин каматып жибергенге салым кошконбу? Айылына бара албай калганбы? Афералык байлыгынан кутулуу үчүн “Аброр” чайханасын сатып жибергенби? Учурда артын тазаламыш этип, Равшан Сабиров аркылуу бийликке жол таап, кайрадан чалчактаган жатабы?.. 

Айтор, Алмазбек Атамбаевдин доорунда Икрам аркылуу байыган, кийин Сооронбай Жээнбековдун учурунда Асылбекке кошомат кылып жүргөн эргул моралдык жоопкерчилигин ойлобой, кайрадан Акүй, Көкүйдү айланчыктаганына жол болсун! Ток этерине келсек, Каныбек Туманбаев жогорудагы суроолорубузга жооп бере алабы? Коомчулук астында шек жаратпай, жүзүн ачыктап алсын да, туурабы? Дегенибиз, бул боюнча кеп кызыгы дагы курчуй бермекчи... “Шибегени капка ката албайсың” дейт. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер