Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Экинчи күйөөм ойдогудай чыкпай, биринчи турмушумду сагынып, көзүмөн жаш сызылат

Экинчи күйөөм ойдогудай чыкпай, биринчи турмушумду сагынып, көзүмөн жаш сызылат

16-апрель, 21:00
15 336 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кээде адам өз жашоосуна мүшкүл чакырып, бейиш жашоосун тозокко айлантат экен. Мен азыркы убакта экинчи турмуштамын, биринчи күйөөм менен алыста көп иштегендигинин айынан ажырашып кеткем. Ал урбайт, сокпойт, ичпейт, чекчү да эмес. Дайыма менин оюмду колдочу, бирок үйлөнгөн күнүбүздөн баштап алыска иштеп кетти. Азыраак убакытка келет, кайра кетет. Бул жашоодон да тажадым. Экинчим мени башында арбап, алдады, мага чейин үч жолу үйлөнүптүр. Мени бактылуу кылуу үчүн толгон-токой убадаларды айтты. Бирок турмушка чыккандан кийин дароо өзгөрдү. Мени алдап, мурунку аялына кетип калып атты. Экөөнүн бирге түшкөн сүрөттөрүн көрүп, ар түнү сыздап ыйлап жүрдүм, же кетип да кала албадым. Анткени үйдөгүлөр каршы болгонуна карабай тийип алгам. Биринчи күйөөмдөн талагымды албай туруп, таарынып кеткениме үч ай болгондо эле экинчи күйөөм менен таанышып калып, кете бергем. 

Экинчи күйөөм кол да көтөрдү. Далай ирет оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, тилдейт. Азыр андан бир кызым бар. Ата-энемдин каршы болгонуна карабай экинчи күйөөмдү ээрчип кеткеним үчүн андан кете албай келем. Бейпил, тың, ортобузда сый-урмат бар биринчи жашоомду эстеп, азыр көзүмдөн жаш сызылат...


Гүлай 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер