Полковник Нурлан Турусбековдун тоюнда милициялар балжа-булжа мушташтыбы?

Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын орун басары Нурлан Турусбеков 14-июнда 6-кичирайондогу “Улуу Тоо” ресторанында кыз узатуу өткөзөт. Катуу даярдык менен той жакшы башталат. Бирок аягына жетпей коллективинде чыр чыгып, топ мушташка айланганын кабарлашты. Жетекчиси Улан Алымбаевич Султановду эч кимиси тоготпой, ал четте калганбы? “Кызыл-кыргын, куу-сүрөөн” менен былчылдашып, МЕНТтер мас абалдарында жакшы эле балжа-булжа болушканбы? Тынчыбай жатышканынан Октябрь РИИБден үч-төрт машина келип, араң токтотушканын эшиттик. Эгерде жөнөкөй жарандар коомдук жайда мушташса, милиция салып кетип, “Бейбаштык” беренеси менен кылмыш ишин козгоп, сотко кагаздарын өткөзүп, жок дегенде айып пул салдырышмак. А Нурлан Турусбековдун тоюнда укук коргоочулар өздөрү мыйзам бузуп жатышса, эмне үчүн жоопкерчиликтери каралган эмес? ИИМдин лөктөрүнө маалыматтар жетпей калса, эми деле кеч эмес да, кызматтык иликтөө жасатып, бейбаш милицияларды суракка алдырып, жазага тартышабы? Абай сала туралы.
"Азия Ньюс" гезити