Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Курсан Асанов жигиттик эрежени бузганы үчүн түрмөгө отуруп чыкты

Курсан Асанов жигиттик эрежени бузганы үчүн түрмөгө отуруп чыкты

16-апрель, 11:53
684 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ишенимдүү булактарыбыздын билдирүүсү боюнча Курсан Асановго байланыштуу бир сырды ачыктап коёлу. Эсиңерде болсо, 5-6-октябрь күндөрдөгү башаламандыктардан кийинки окуяларды баарыбыз билебиз. Агезде Сооронбай Жээнбеков арызын жазып кете элек, кайсы бир деңгээлде күч органдарына таасир жаратып, жеке өч алуусу үчүн генералды каматкан. Анан бийлик толук кандуу алмашкандан соң Курсан Асанов түрмөдөн чыгып, кызыгы, Садыр Жапаровду колдогондун ордуна агымга каршы сүзүп, атаандаштык иретинде аламанга аттанып алган эмеспи. Президенттик шайлоо бүткөндөн кийин Курсан Асановдун мурдагы кылмыш иштери көтөрүлүп, кайрадан камакка алынган. “Өзүң кылган иш – өз башыңа муш” дегендей жооп узатышты. Ал ортодо Өмүрбек Суваналиевди да ала жыгылуу үчүн аракет жасап, “мага кат жазып берген” деп чыккан. Аныгында ал кат юридикалык мааниге ээ эмес эле. Тек гана шайлоодон кийинки башаламандыктарды токтотуу үчүн кепилдик иретиндеги билдирүү го? Ошондо Асанов бийликке жаман көрүнүп, анан калса жакшылык жасаган генерал Суваналиевдин да жинине тийген. Жаңылды. Эми булардын баары өткөн иш. Сабак болсун! Мындан ары Курсан Асанов жигитчиликтен тайбай, кимдин ким экенин билип, саясый оюндарга азгырылбай тек жүрсө, баары калыбына келсе керек. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер