Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Токтогул Какчекеев: “Тажикстан менен соода-сатыктарды бузууга болбойт”

Токтогул Какчекеев: “Тажикстан менен соода-сатыктарды бузууга болбойт”

27-май, 19:43
7 738 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Өкмөт Тажикстан менен чек араны убактылуу жабуу чечимин кабыл алды. Бул кадамды сиз кандай баалайсыз?

-- Бул чечим туура болду. Анткени контрабанда, наркотрафик, дегеле ээнбаштык, уурулук жол менен өтүп жаткан нерселерге толук тыюу салуу керек. Бирок, эл аралык нормалар сакталышы маанилүү. Тажикстан менен Кыргызстандын ортосундагы келишимдерге ылайык түзүлгөн соода-сатыктарды, карым-катнаштарды бузууга болбойт. Укуктук, мыйзам чегиндеги иштер улана бериши керек. 

-- Өкмөт чек араны жапканга чейин эле жергиликтүү тургундар андагы өткөн товарларды көзөмөлгө ала баштады эле. Мындай кадамдар менен маселе чечүү туурабы?

-- Негизи адамда жалпы гуманитардык, адамгерчилик сезими болушу керек. Эгер контрабандалык жол менен өтүп жаткан товарларды кармаса, аны тийешелүү органдарга өткөрүп бериши шарт. Өзүмбилемдикке салып, аларга карата кандайдыр бир жаза берүүгө жөнөкөй жарандардын укугу жок. Баардык маселе мыйзам жолунда чечилиши керек. Ал эми мындай көрүнүштөр ээнбаштык жолго түшкөн элдин санынын өсүп жатканынан кабар берет. 


Мээрим Асанова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер