Азизбек Турсунбаевге келгенде Ыдырыс Исаков аша чаап кетти


Табиятынан Азизбек Турсунбаев адамга жакшы санаган, салмактуу мүнөз күткөн, кытмыр ою жок, түз жүргөнү менен белгилүү. Мындайда кимдир бирөө кайып каскагынан кыжынып чыга келсе болобу? Эмесе, чечмелеп көрөлү.
Блогер Ыдырыс Исаков парламенттен капыл-тапылынан депутат Азизбек Турсунбаевге суроо берип калды. “Бешинчи жолу эмне үчүн келдиңиз? Буга чейин кызмат кылып жыргатпадыңыз го? Башкалар кылбайбы? Көрсөтө элек эмне кереметиңиз бар?” деген сыяктуу ыксыз суроолорду берип, жеке популизм үчүн хайп кармоо орунсуз эмеспи. Депутат кааласа интервью берет, каалабаса бербейт. Шартына, убактысына карайт да. Аныгында Ыдырыс орой, ажыкыстанган маанидеги соболдору менен мазактоого аракет кылганы логикага сыйбайт. Интервью алуу да этиканын чен-өлчөмүндө, салабаттуу таризде жүрүшү абзел. Ириде маектешүүнү журналист же блогер өзүнүн тар кызыкчылыгына, пайдасына энчилебей, жалпы журтка ылайыктап чагылдыруу парз. Ошондо гана сабаттуу журналистиканын чырайы чыгат.
Ал эми Азизбек Турсунбаевдин жайына келсек, кеп башка. Кичи мекени Ала-Бука, Чаткал жергесинен шайлоочулары колдошуп, бешинчи ирет депутат кылышса, бул көрүнүшкө оң баа бериш керек. Өз округунун өнүгүшүнө, элдин социалдык турмушунун жакшырышына салым кошуп, ар бир өкмөт менен иштешип, ошол аймакка колунан келген кызматын көрсөтүп келатат да. Азыркы учурда көпчүлүктү алдай албайсың. Эгерде элге жарыгың тийбесе, шайлоочулардын кызыкчылыгына жараша аракет кылбасаң, бат эле “бааңды” аласың. Аныгында Азизбек Турсунбаев пиар кылбай эле көптөгөн иш-аракеттери менен кичи мекенине кызмат кылып келатат. Андан сырткары, Жогорку Кеңеш, мамлекетибиз үчүн да эмгектенип, туруктуулуктун үлгүсүн жаратканы жашыруун эмес.
Кыскасы, Азизбек мырза Ыдырыстын деңгээлине түшүп, аны менен аялдардай болуп айтышып, интервью бербейт да. Ар бир инсандын өз орду, алган багыты бар. Андыктан бул блогер өзүнө жараша айлакер кейипкерин башка жактан издесин...











