ИИМдин 1-орун басарлыгына көзү кызарган Акылбек Мамасейитов
Бир канча күн мурда ИИМдин орун басары Октябрь Урманбетов кыз узатуу кылып, дүңгүрөтө той берген. МЕНТтер аябай дуулдашты. Мындайда чоңдор өзгөчө майрамдайт эмеспи. Тойдон кийин Жеңиш Абидов, Канат Жумагазиев, Акылбек Мамасейитов, Марлис Асанов ж.б. начальниктер отурушун улантышып, өз ара чер жазууга үлгүрүшкөнүн эшиттик. Алагүү тарткан Ош ШИИБнин башчысы Акылбек Мамасейитов опурулуп, “ИИМдин 1-орун басарлыгына мен барам. Сүйүн Өмүрзаков шайлоого кетип атат” деп күпүлдөптүр. Отургандарга жылмаюу тартуулаганын кара! Өзүн ушунча ишенимдүү сезип алганбы?.. Сөз арасында Ош ОИИБнин начальниги Жеңиш Абидов “ИИМдин 1-орун басарлыгы түштүктүн квотасы, татыктуу адам барышы керек” деп калыс сөзүн айтыптыр. Ага болбой эле “Балашка” каймана атындагы Акылбек адыраңдап, таза эле мамлекеттик кызматты жеке фирмадай көрүп алганы кандай? Эгерде Сүйүн Өмүрзаковдун ордуна бул эргул келсе, милициянын аброю түшүп кетпейби? Акыл пештеп иш кылыш керек да...
"Азия Ньюс" гезити