Жаш активист 3 жума электрондук форматта окууну улантууну сунуштоодо
«Кел, окуйбуз» электрондук форматта китеп окуу долборунун негиздөөчүсү Аманбек Бургхан уулу президент Сооронбай Жээнбековго, билим берүү жана илим министрлигине 3 жума электрондук форматта окууну улантуу сунушу менен өзүнүн «Фейсбук» баракчасы аркылуу кайрылуу жасады.
Кыргызстанда 16-марттан тарта коронавируска байланыштуу жогорку окуу жайлар жана мектептер 3 жумалык карантинге жабылган.
--Убактыбыздын бекерге өтүп жатканы өкүнүчтүү. 2020-жыл «Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды коргоо” жылына карата, президентибизге, билим министрлигине өз сунушум менен кайрылам. Менин сунушум, ушул 3 жума ичи электрондук форматта окууну улантуу. Эгер биз бул системаны ушул тапта колдонсок, биринчиден убакыттан, экинчиден окуу программасынан, үчүнчүдөн мамлекетибиздин стабилдүүлүгүнөн утабыз» деп жазган Бургхан уулу.
Ошондой эле, ал электрондук форматта китеп окуу боюнча 3 жылдык тажрыйбасы бар экендигин айтып, электрондук форматта окуунун эң жеңил жолу вотсап, телеграмм аркылуу окуу экендигин айткан.
Aryba.kg