Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Индонезияда футболдук беттештен кийин 127 адам каза болду

Индонезияда футболдук беттештен кийин 127 адам каза болду

03-октябрь, 12:21
371 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Индонезияда жергиликтүү командалардын футболдук беттешинен кийин 127 адам каза болду. 

Маалыматка ылайык, трагедия 2-октябрга караган түнү Маланг шаарындагы “Канжурухан” стадионунда болгон.

Ишемби күнү Индонезиянын чемпионатынын беттешинде «Арема» жана «Парсебая» командалары беттешип, оюун 3:2 эсебинде экинчи команданын пайдасына аяктаган. 

Финалдык ышкырыктан кийин “Арема” командасынын күйөрмандары талаага чуркап чыгып башаламандык жаралган. Тартип сакчылары көздөн жаш агызуучу газ колдонушкан. Маалым болгондой, эл дүрбөлөңгө түшүп, стадиондон чыгууга аракет кылып, натыйжада, көбү тебелендиде калышкан. Анын кесепетинен 127 адам, анын ичинде аялдар жана балдар каза болгон. 180дей адам ооруканага жаткырылган. 
Лиганын жетекчилиги алдыдагы аптадагы бардык матчтар жокко чыгарыла турганын билдирди. Бул каргашалуу окуя иликтенери кабарланды.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер