Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Элдин көксөөсү качан сууйт? Сокенин төрдө отурганы көпчүлүктүн итиркейин келтирүүдө

Элдин көксөөсү качан сууйт? Сокенин төрдө отурганы көпчүлүктүн итиркейин келтирүүдө

23-январь, 22:30
1 381 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Өткөн жумада Рысбай Абдыкадыровдун 80 жылдык эскерүү кечесинде Сооронбай Жээнбеков чиновниктерге аралаш төрдө отурду. Көргөндөр күбүр-шыбыр этишип, кыртыштары сүйбөй жипкиришти... Арбын айыптар айбаттуу айтылып келет. Сокенин үч жылдык башкаруусунда мамлекеттеги мекемелерде коррупция күч алып, эбегейсиз гүлдөгөнү ашкереленди го: канчалаган кадрлары камалып чыгышты? А өзү эмнеге жооп бербейт? “Мыйзамсыз баюу” беренеси буга иштебейби? Коррупциянын башында турганы жалганбы? Мындан сырткары, Кой-Таштагы коогалаңга, кан төгүүгө жооп бербейби? Октябрь төңкөрүшүндөгү Үмүтбектин өлүмү, жүздөгөн митингчилердин, орган кызматкерлердин оор жаракаттарды алышына көз жумабызбы? Канчалаган майыптар азап чегишүүдө? Кыскасы, кылыктарын санай берсек гезит бети толуп кетчүдөй. Эмне үчүн бүгүнкү бийлик Сокени кастарлап, концертке чакырып, көңүлүн ачып отурат? Көпчүлүктүн көксөөсү суубай, каңырыктары түтөп кетти го? Качан Соке мыйзамдуу талаада жазасын алат? Дал ушундай соболдор элдин эзилүүсү менен коштоло берчүдөй. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер