Бекен Назаралиев, Кыргыз эл жазуучусу: “Үч төңкөрүш тууралуу тарыхый роман жазсам дейм”

-- Бекен, бүгүнкү туулган күнүң кут болсун, досум! Алтымыш беш жаштын туу чокусунда өткөн күндөрүңө өйдөтөн саресеп салып турганда, сени кубанткан, өкүнткөн нерселерге токтолсок?
-- Өтө өкүнүп, же сүйүнүп кете турган деле нерсе жок. Бирок, артка бир кылчайып өткөн чакты карап, “ушул мезгил ичинде эмне жасадым?” деген суроо коюлат экен. Тагдырдын жазмышыбы, карасаң, 10-октябрда менин туулган күнүм (ырчы Керим Турапов экөөбүз бир күндө төрөлгөнбүз). Машинамдын, телефонумдун, жашаган үйүмдүн кабатынын, азыр мен жаткан палатанын номуру да 10. Мен “Кыргыз рухунда” иштегенден бери эле материал чогултуп жүргөм. Ошолордун негизинде “Кандуу так” деген роман жазып аттым эле. Жыйырма күндүк иши калганда минтип кокустук болуп, оор операциядан кийин жатып калдым. Ошого өкүнүп атам. Бул деле балким, Жараткандын бир сыноосудур... Кабар алганы келген досторум: “Буга чейин өзүңдү аябай эле кыйнадың. Эми бир аз эс ал да” деп тамашага салып атышат. Мен өзүң билесиң, сүрөт окуу жайын бүтүрүп, чоң сүрөтчү болуу кыялым бар эле. Арсланбапка барып, ошол жакта жашап, орустун жаратылышты тарткан атактуу сүрөтчүсү Левитандай болуп, Арсланбапты дүйнөгө таанытууга оюм бар эле. Журналист, жазуучулук кесипти аркалоо такыр оюмда жок болчу. Бирок, тагдыр башка нерсе экен, арыктагы сууга кетмен чаап, башка жакка буруп кеткендей, мезгил өзүнүн шары менен алып кетип калат тура. Сүрөтчүлүк кыялым ишке ашпай калды, өкүнө турган нерселердин дагы бири ушул. Окуткан мугалимдерибиз “сени сүрөтчүлүкө эмес эле журналистикке, жазуучулукка үйрөткөн турбайбызбы” деп күлүп калышат.
-- Бирок, сүрөтчү болбой калганың менен чыгармачылыктан кеткен жоксуң да?
-- Май боёк менен кыл калемдин ордуна калем сапка өтүп кетпедимби. Бирок, сүрөт окуу жайында үйрөнгөн ыкмаларымды жазуучулук ишимде көп колдоном. Анткени, бизде композиция деген сабакта баарын үйрөтөт эле. Ошол ыкмаларды колдонуп кетем. Арсланбаптын атагын чыгара албасам да, ошол өрөөндүн жазмакери болгонума бир чети ыраазымын.
-- Жазган чыгармаларың негизинен тарых темасында. Мунун себеби эмнеде?
-- Биздин айылда “төрт көчө” деп аталган атактуу көчөбүз бар. Бул жагында Нышанбек Кочкоровдун үйү, мындайынын чыксаң Текебаевдердин, тигиндейинен чыксаң Осмоновдордун үйлөрү. Ошол төрт көчөдө узун бир терек жатчу эле. Адамдар отура берип, үстү жылма болуп калган. Өмүрбек Текебаевдин атасы Чиркеш ака кыйын санжырачы болчу. “Төлөгөн Касымбековго жолуксам, “тарыхтын баарын жалгыз эле аксылыктар жасагандай жаза бербеңиз да. Биздин чоң аталар да далай ирет кылыч көтөрүп, Коконго барган деп айтам” дечү. Мен алардын сөзүнө кызыгып отура берчүмүн. Өзүм кичине баламын, бирок ошол сөздөр кулагыма сиңип, азыр мен жазып жаткан каармандарга айланды.
-- Бир жолу кабинетиңе кирип калсам, “Москванын архивинен Кокон хандыгы тууралуу тарыхый материалдарды алдым” деп сүйүнүп отурган экенсиң. Жаңы романың жалаң архивдик материалдардын негизинде жазылдыбы?
-- Азыр мурдагыга караганда оңоюрак болуп калды. Анткени, мурда архивге чоң-кичине чиновниктердин уруксаты менен гана киргизчү. Төлөгөн Касымбековдун тарыхый булактарга колу жетпей калганы да ошондон болсо керек. Менин Москвада Сардар деген бир үкам бар. Бул жактан эки окуу жайды кызыл диплом менен бүткөн, бирок өзүбүздөн орун табылбай, Москвага кетип калган. Ошол Россиянын атуулу катары архивге кирип, мага көп материалдарды алып берип атат. Мага бербейт экен, себеби, мен Россиянын атуулу эмесмин. Мага Кудаярхан тууралуу өтө көп материалдарды алып берди. Орустардын чалгын кызматы ошол кезде эле кыйын болгон экен. Кудаяр хан Оренбургдан качып, андан Ооганстанга, андан ары Индия аркылуу Меккеге ажылыкка барыптыр. Константинополдон “кармагыла” деген буйрук болуп, бирок Иранга качып кеткени айтылат. Чындыгында Кудаяр хан Стамбулда түрк султаны менен жолугушууну күтүп, андан жардам алмакчы болгондо, султан кабыл албай коёт. Таарынгандай кол шилтеп, Ооганстанга кетип, Гератка жакын жерде каза болуп атпайбы.
-- “Жыйырма күндүк иши калды” деп айтпадыңбы, бирок финалы мээңде даяр болуп турат да?
-- Даяр турат. Кудай буюруп, ден соолук калыбына келип, кайрадан ноутбугума жетсем, ошол жеринен кайра улайм. Анкени, мындай жатканда көп нерселерди башыңа бышырасың. Кагаздагы жоголуп кетиши мүмкүн, бирок мээде калган нерселер эртең эле кайра жазылат.
-- Экөөбүз көп жылдан бери чогуу жүргөн адам катары сен дайыма ийненин учунда, кылычтын мизинде жүргөндөй сезиле бересиң. Бирде курч макалаларды жазып, бийлик менен алпурушсаң, бирде Чеченстан, Тажикстан сыяктуу “кайнак точкаларда”, боевиктер басып алган Зардалыда жүргөн болосуң. Бул эмне, кесиптик кызыгуубу, же ошондой тобокел турмуш кечирген өзүңө жагабы?
-- Бул бир чети тагдыр, Кудай маңдайыңа жазып койсо ошол сызык менен кете берет экенсиң. Менин Чеченстанга барайын деген оюм да жок болчу. Бир күн эле көчүгү жер жыттап, бир жерде отура албаган Турсунбек Акун келип калды. “Силер, журналисттер, жүрөгүңөр жок, кабинетте отуруп алып эле бирдекелерди жаза берген коркок калксыңар. Чеченстанга барып келели десем жалтакташып, эч ким макул болбой койду” деди. “Мына, мен барам” дедим. Ошентип эле кетип калгам. Көрсө, ошол нерселер дагы мени тарыхый жолго сала бериптир. Чеченстанда Масхадов, Басаев, Удугов, Яндарбиев менен жолугуштум. Өлкөнүн тагдыры үчүн өз өмүрүн сайган кишилерди көргөндө адам кыйла чыйрала түшөт экен. Шамил Басаевдин жардамчысы: “Кимиңер үйүңөр менен сүйлөшкүңөр келет?” деп спутниктик телефонун берди. Биринчиден, менин үйүмдө телефонум жок болчу. Экинчиден, аяшыңа “Москвага “Комсомолская правдага” стажировкага кетип атам” деп калп айтып кеткем. Чөнтөк дептеримди карасам, Адахан Мадумаровдун телефону бар экен. Чалсам, “Бекен ака, каякта жүрөсүз? Гезитиңизди жапкан атат” дейт. “Бир эле сан менен кантип жабылсын?” деп таңкалдым. Көрсө, бир эле сан менен жетинчи кабатты түштүктүн тили менен айтканда, бүт “пачактап” салган экенбиз. Соттун чечими чыга электе эле “Учкун” басмасына “гезит басылбасын” деп буйрук берип коюшуптур. Бирок, чечендердин жанагы лидерлерин көргөндө “жабылса бир гезит жабылаар” деп мен кадимкидей чыйралдым. Мени Жараткан татаал жолго салганы да ошондон болсо керек. Тажикстанга Жума Намангининин лагерине чейин бардым да. Азыр эстесем жүрөгүм ооруп кетет. Сулайман Кайыпов “Баткен окуясын жазуу үчүн атайын ошол жактарды кыдырткан экен” деп айтып калат. Баткенге боевиктер басып кирерин мен төрт-беш ай мурда билип, Аскар Акаевдин басма сөз катчысына айткам. Себеби, машыгып жаткандарын көргөм да. “Менин атыман эмес, барып келген адамдардан укканыңды эле айтып кой” дегем. Кийин сурасам, айтпаптыр. Унутуп калган го.
Андан соң Турсунбек Акун менен Зардалыга бардык. Көрсө, тагдыр мени “материал жыйнап ал” деп айдаган тура. Көп каармандарга жолуктурду, көп жерлерди көрдүм. Ошолорду кийин “Баткен туткуну” деген чыгармамда колдондум. Баткен окуясына катышкан кармандардын баары тирүү азыр. Шамкеевди боевиктер “бизди мойнуңа мингизип, дарыянын аркы өйүзүнө өткөр” дегенде, “мен өткөрөм” деген жансакчысы Максат деген жигит азыр Москвада. “Бекен аке, мени элдик баатыр кылып салган турбайсызбы” деп чалат. “Баатыр болсоң баатыр кылам да” дедим.
-- Бир курдай Дүйшөн Керимов тамашалап, “Бекенди редактор катары, журналист катары билбейм го, бирок адам катары көкжал, баатыр” деп тамашалап айтты эле. Тукумуңарда тарыхый инсандар барбы?
-- Өз мезгилинин көкжалдары болгон экен. Шамырза датка, Жолборс казы жөнүндө айтып калышат. Өмүрбек Текебаев экөөбүз эркек тарабынан тарайбыз. Ал эми Бекмамат Осмонов, Нышанбек Кочкоров, белгилүү кардиолог Калдарбек Абдыраманов – булар кыздан тарайт. Биз ошол эски арыктын нугу менен агып жүрөбүз. “Сынган кылычта” Шамырза датка тууралуу да бир-эки барак жазылган. Бир жолу Жаныбек казы Жолборс казыны Өзгөнгө тойго чакырып, бирок жакшы тоспой коёт. Ошондо аты менен килемди бастырып жөнөгөндө Жаныбек казы ордунан тура калып, “өзүң да жолборс, атың да жолборс тура” деген экен. “Балдарыңан чыкпайт, бирок укум-тукумуңан акыры чыгат” деп замандаштары айтчу экен. Чын эле, карап отурсаң Текебаев оңой адамбы, Осмонов оңой адамбы! Нышанбек Кочкоров менен Калдарбек акенин жана башкалардын да өз орду бар.
-- Бир жолу жумушта отурсам бир кыз телефон чалып, “Москвадан киночулар келишкен экен. Бекен Назаралиевдин “Баткен туткуну” романын тартканы атышат. Сиз досу турбайсызбы, таап бербейсизби?” дейт. Мен сенин телефонуңду бергем. Ал тасма эмне себептен тартылбай калды?
-- Мен ал кезде режиссер Бакыт Карагулов менен иштешип калгам. Менин “Бешик” деген аңгемем боюнча кино тартты. Бакыт аке менен кеңештим. “Алар тартканда өзүңдүн чыгармаңды өзүң тааныбай каласың. Кавказдын тоолорунун арасынан тартышып, кыргыз жыттанбаган кинону чыгарып жиберишет” деди. Мен анын айтканын туура көрүп, иштешүүдөн баш тарттым. Бир ирет президент Бакиевге кирип айттым. “Биздин жоокерлер тууралуу мекенчилдикке тарбиялаган дурус кино жок. Менде бир чыгарма даяр” десем, “каражатын мен таап берейин, 1 миллион 400 миң доллар жетеби?” деди. Ошондон кийин Бакыт байке экөөбүз Баткенге барып, тийешелүү жерлерди көрүп, анча-мынча эпизоддорун тартып да келгенбиз. Бирок, бир айга жетпей төңкөрүш болуп кетти. Ошентип, кинонун тагдыры чечилбей калды.
-- Мен билгенден Алымбек датка тууралуу сценарийиңер да бекиген болуш керек эле?
-- Анын да акчасы чечилбей калды. Кийин каражат табылган кезде Бакыт байке ковидден өтүп кетти. Тартабыз дегендер болуп атты, бирок мен өзүм болбой койдум. Андай тасманы чоң даярдыгы бар режиссер тартпаса, ортозаар эле бир кино болуп калмак. Кийин Бакыт байкенин аялы айтып берип атпайбы, “ооруканага жат” десем “жок, мен жөн эле грипп болуп атам, айыккан соң Бекен экөөбүз Коконго барабыз, Алымбек датка тууралуу менин чыгармачылыгымдын туу чокусу боло турган кино тартам” дептир. Өзү аябай сак жүргөн киши эле, мени да “кабинетеңе көрүнгөн кишилер кирет, ковидден сак бол” деп эскертчү. Ошентип жүрүп өзү ковид жуктуруп алганын билбей калыптыр... Бул мени өкүнткөн нерселердин дагы бири.
-- Алымбек датка сени эмнеси менен кызыктырат?
-- Мени жалгыз эле Алымбек датка эмес, Алымкул, Мусулманкул аталык, Кудаярхан, Полот хан – баары кызыктырат. Мен алардын баары тууралуу жаздым. Түрктөрдүн сериалдарындай көп сериялуу тасма тартса, баардык режиссерлерго жете тургандай материалдарым бар. Ал эми Алымбек даткага өзгөчө кызыкканым, ал Ош шаарын негиздеп, бутуна тургузган адам. Өз каражатына каналдарды, көпүрөлөрдү, кичи заводдорду салдырган. Уулу Абдылдабекти ээрчитип алып, Самарканд, Бухарага чейин барып, атактуу усталарды алып келип, Ошто да Ак медресе сыяктуу керемет имараттарды курдурган.
-- Келечекте дагы кандай пландарың бар?
-- Үч төңкөрүш тууралуу тарыхый роман жазганга материал чогултуп жүрөм. Баарына тең катышпадымбы. Ошол президенттердин бир тобу менен жакын мамиледе болдум. Айрымдарынын артынан барып, сөзүн угуп келдим. Акаевден эки жолу интервью алдым. Мен баратканда тааныштарым “үч жолу гезитиңди жаптырды эле, дагы эле көңүлүң сууй элекпи?” деп айтышкан. “Жок, бир кездеги падышанын барып көзүн тиктейинчи” дедим. Экөөбүздүн сүйлөшүүбүз адегенде абдан кыйын болду. Себеби, кечээ эле өзүн сындап жүргөн журналист келип интервью алса... Кийин Жумалиев менен Талгарбековго “төрт саат интервью алды, эми кайчы менен кыркып, өзүнө ылыйыктуу кылып чыгарат го” деп айтыптыр. Мен анткен жокмун. Эмне сүйлөсө ошонун баарын чыгардым. Интервью бүтүп, дасторкон жазылган соң, жүз граммдан алмай болдук. “Бекен, сен орустардын элитасы ичкен арактан ич, мен болсо жаш өтүп калды, жумшагыраак винодон ичейин. Сенин идеяң менен мен Исхак Раззаковдун сөөгүн Кыргызстанга алып келип, президенттердин деңгээлинде жерге бердим” деди (президенттик шайлоонун алдында Каныбек Иманалиев “түштүктүн колдоосу начар болуп атат” дегенинен, “түштүктүн элинин Акаевге пикирин буруш үчүн Исхак Раззаковдун сөөгүн алып келиш керек” десем, Каныбек “сонун идея экен” деп сүйүнүп кеткен. Бир нече сааттан кийин эле “Аскар Акаевич сиздин идеяңызды колдоду. Эртең Рабия Менсеитованы алып келиңиз” деп телефон чалды. Бирок, сөөктү алып келерде “бул оппозициячыл журналист” деп мени комиссияга кошпой коюшту... “Мен ушу сөзүңүзгө бир сөз кыстарбасам болбой калды. Сыртта жүргөн президенттерибиз Исхак Раззаковдой болуп сөөгү эмес, өздөрү көздөрү тирүү кезинде келсе деген тилегим бар” десем, винону койду да арактан куюп, “Бекен баатыр, бул тостту албасак болбойт. Жүрөктөгү гана сөздү таптың” деди. Ошол маектешүүдөн бир жарым ай өткөн соң экөөбүз телефон аркылуу сүйлөштүк. “Бекен баатыр, сен акжолтой экенсиң. Сенин тилегиң ишке ашып, мен келип калдым Кыргызстанга” деди...
Мамат Сабыров
"Азия Ньюс" гезити