Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мар Байжиев: “Манастын уулу Семетейди” тартып атышкандар абдан уят кылышат...”

Мар Байжиев: “Манастын уулу Семетейди” тартып атышкандар абдан уят кылышат...”

05-август, 19:24
1 698 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жакында эле “Манастын уулу Семетей” аттуу көркөм тасма тартыла баштаганы жана ага президент Садыр Жапаровдун колдоосу бар экенин кинонун продюсери жана сценаристи Өмүрзак Төлөбеков коомчулукка жар салган. Ошол эле учурда тасманын тартылышына каршылыгын билдиргендер көп болууда. Мар Байжиев аксакалыбыздын да оюн угуп көрдүк.

-- Мар аба, “Манастын уулу Семетей” аттуу көркөм тасма тартылып атканын билсеңиз керек, ушу боюнча сиздин оюңузду уксак дедик эле?

-- Эми мындай да, мага сценарийин беришти. Тартып аткандар “Семетейдин” маңызын түшүнүшпөптүр. Акылга сыйбаган өзгөртүүлөрдү да киргизип ийген сыңары. Анан айтып атам, “эгер ушул нук менен кетсеңер, абдан чоң убара болосуңар” дедим. Чын-чынына келгенде, кинону тартардан мурда талкуу кылыш керек эле. “Наржак-бержак” дегендей болот. Негизинен киношниктердин көпчүлүгү да каршы болуп атат. Жөн эле үстүртөдөн кетип аткан сыяктуу. Андай болбош керек. Жомокко айлантып ийгени да айтылууда. Эптеп эле тартып, эл алдына чала-бучук, чийки бойдон алып чыга калышса, абдан уят болобуз. Кыргыздар “Манас! Манас!” деп ураан чакырабыз. Кыргыздын негизги идеология өзөгү ошо жакта жатат да. Анан эл ойлогондой, баарыбыз күткөндөй болбой калса, бу жагын кантебиз? Бир сөз менен айтканда, минтип кино тартпай эле койгон оң, бул менин эч кимге таңуулабаган жеке пикирим.


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер