Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Күйөөм үйлөнүп алганын абысынымдан уктум

Күйөөм үйлөнүп алганын абысынымдан уктум

23-февраль, 12:03
3 678 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Мен жардам сурайын деп жазып атам. Атым Асел. Кызым, балам бар, 3 жаш, 7 ай. Жолдошум менен түшүнбөстүктөрдүн айынан ажырашып кеттик. Кайненем мени батырбады. Үйдө 25 жаштагы оорукчан кайним бар болчу, ошону беш жыл аралыгында жууп тазалап жүрдүм. Бир жагынан кайнатамдын ичкени, айтор, аябай оор болуп кетти. Бир жыл мурун 6 айлык боюмда бар кезде күйөөм Москвага кеткен. Башында жазып турчу, бара-бара алыстай баштады. Төрөдүм, келбеди. Кыскасы, ал жактан бирөөнү таап, үйлөнүп алыптыр. Аны үйдө менден башкасынын баары билет экен. Мен аны абысынымдан уктум. Акыры кетүүнү туура көрдүм. Ошону менен чалган да жок. 

Азыр Бишкекте эжем менен квартирада жашап  жатам. Апам, атам карыган адамдар, аларга арманымды айтып, ойлондургум келген жок. Чынында акча жагынан кыйналып кеттим. Эжем өзүнүн үч баласына кошуп, баарыбызды багып атат. Ооруканада пол жууп иштейт. Ошентсе деле жетишпейт.  Квартирага 5 миң төлөйбүз. Кайрымдуу элимен жардам сурайм. Менин байланыш телефонум: 0500865596.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер