Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Нурбек Алимбеков акча менен Кара-Сууну калчаса, а бизнесиндеги “былыктары” текшерилбейби?

Нурбек Алимбеков акча менен Кара-Сууну калчаса, а бизнесиндеги “былыктары” текшерилбейби?

27-май, 09:00
672 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Гезиттин өткөн санына Кара-Суу округунан Илимбек Кубанычбековду олигарх-депутат Нурбек Алимбеков сүрөп, парламентке өткөзгөнүн жазганбыз. Акчанын күчү да, туурабы? “Кол баласын” эл тааныбаса, кайсы сыйкыр менен мандат алып калмак эле, кичине акыл калчап көрсөңөр? “Сулуу чымчык” каймана атындагы Нурбек Алимбеков “өзүн өзү билип, өтүгүн төргө илгени” ачык байкалууда. Кең Кара-Суу районунан татыктуулар мукурап, ушунун адамы алдыга чыкканы шек жаратат го? Бул боюнча тийешелүү органдар анализ кылганга да жарашкан жок. Качанкыга чейин акчасына көпкөлөң тарткандар кутура беришет? Баса, “Нурзаман”, “Дианур-Строй” курулуш фирмалары Нурбек Алимбековго караштуу экени айтылып келет. (Аялы Динара жана өзүнүн атынын баш тамгаларынан курап алганын карасаң). Бул аралашкан бизнестин көмүскө былыктары ачылбай, нааразы болгондор басмырланып, “жабылуу аяк жабылган” кезиби? Мыйзамсыз байыганы, алдамчылыкка батканы акыры ачыкталабы? Эмнегедир тийешелүү органдар кыйгап өтүшүп, иликтөө, тергөө иштери башталбай кечеңдегени кандай? Эгерде бийлик чындап эле тазаланууга, бизнес үчүн ачыктыкка умтулуп атса, анда баарына тегиз караш керек да, туурабы? Айтор, соболдор кырынан калууда. Учкундан жалын тутангандай реакция болобу? Баам сала туралы. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер