Азим Рой “мат” кылдыбы?
Коомчулуктун көрүнбөгөн аңызында “кылчайнашуулар” кыйла эле жүрүп жаткандай. Эл аралык деңгээлдеги авторитет Азим Ройдун айланасында кандай гана сөздөр козубады? Өзү издөөгө алынып, байлыктары камакка алынган. Натыйжада, ал күчүн, таасирин көрсөтүү иретинде “мат” кылдыбы?
Маркум Камчы Көлбаевдин насаатчысы катары Азим Рой бул чөйрөдө эриш-аркак жүргөнү, катарында үзөңгүлөштөрү арбын экенин кантип жашырабыз? Убагында Салимбай байбача менен ымалашып, чогуу конокто майпаңдашып, сүрөт, видеолору тараган эле. Учурда УКМК тарабынан издөөгө алынган Салимбай Өзбекстандын түрмөсүндө отурса, ага байланыштуу Жалил Атамбаев камакка алынып, “соодалашууга” барганы каңкууланды. Ал ортодо Салайдин Айдаров мыйзамсыз баюу иретинде камалып, бир тууганы Нургазы Айдаровго издөө жарыяланды. Ушунун баары уюшкан кылмыштуу топко каршы күрөш катары сыпатталып, күргүштөп калышкандай...
Эң кызыгы, дал ушундай чакта Азим Ройдун “акталганын” адвокаты айтып чыгып, оозду ачырганы кандай? Эбегейсиз байлыктары да кол тийгис катары сакталып калса, шек кетпейби? Эсиңерден чыкпаса, Азим Ройдун аялына да издөө жарыяланып, оор беренелер менен айыпталган эле. Анын иши да кыскарып кеттиби? Коррупцияга, кылмыштуулукка каршы айыгышкан күрөштүн күүсү айтылганы менен аягы тамамдалып, будамайланып бүткөнүбү? Айтор, таңгалуулар дагы алдыда окшойт.