Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Анара Мамбеталиева: “Коронавируска түрдүү илдеттер аралашып, абал чыңалууда”

Анара Мамбеталиева: “Коронавируска түрдүү илдеттер аралашып, абал чыңалууда”

14-ноябрь, 01:48
479 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Анара айым, эмнеге пандемияга чалдыккан адамдардын саны көбөйүп атат?

-- Пандемия бир эле Кыргызстанды эмес, бүтүндөй дүйнө жүзүн каптады. Эгер эпидемия болгондо, анын булагы бир эле жерде болмок. Пандемия учурунда элдер бир жерден экинчи жерге барышууда, экскурсиялап жүрүшөт. Ошон үчүн вирус ташылып атат. Бул биринчиси. Экинчиси, биздин өлкө жөнүндө айта турган болсок, той-аш күчөдү. Мурун ишемби, жекшемби эле күндөрүндө өтчү, азыр ар бир тойканда күн сайын 300-400 адамдан кем эмес эл чогулууда. 50-100 адам деген болбогон кеп экен. Аны көзөмөлдөгөн органдар иштеген жок. Ал жерден учурашабыз, кээ бир адамдар аралыкты сактагандын ордуна кучакташып өбүшүп атышат. ЖМК аркылуу ар күн сайын какшап, “оору күч алды, үйүңөрдөн чыкпагыла, беткап тагынгыла, көп киши чогулган жерге барбагыла” дегенди эч ким уккан жок, баш бербей калышты. Ушундан улам көбөйүүдө. 

-- Мына сиз карапайым эл менен иш алып баруудасыз. Пандемиянын экинчи толкунуна даярбызбы?

-- Буга чейин 4-протокол менен дарылоону жүргүзүп келгенбиз. Учурда 5-протокол жазылып бүттү. Айылдагы фельдшер, медайымга чейин окутуулар жүргүзүлдү. Протоколду жазганга өзүм да аралашып жүрдүм. КОВИДден сырткары башка да вирустар чыгып атат. Грипптин бир түрү да кошул-ташыл болуп атканын байкап атабыз. Учурда так, даана диагнозун аныктоо жана дарылоо менен алекпиз. 

-- Өзүңүздүн аймакта эң кооптуусу кайсы болуп атат?

-- Коронавирус менен кошо грипп, ошого окшош метапневмовирус жүрүп атат. Балдарда болсо аденовирус, кызамык, скарлатина кошулуп кетиши мүмкүндүгү коркунуч жаратууда. Булардын баары аба аркылуу жуга турган вирустар. Ошон үчүн биз “таза болгула, жадагалса эшиктин туткасын кармагандан кийин колду самындап жуугула” деп атабыз. Негизи биз айткан шарттарды так аткарышса эле вирус көп жукпайт эле. Оорудан алыс болмокпуз. Ар бир эшикке кирип чыккан сайын самындап жуунуп турганга эч нерсе жетпейт. Биздин ата-бабалар атайын кире беришке чөөгүнгө суу коюп, ар бир кирип чыкканда жаш балдар батасын алуу үчүн колдоруна суу куйдуруп, керек болсо чыканагына, мурунга суу чуркатып, кулактын ичтерин чукулап жуушчу. Кыргыздар таза калк келебиз. Ушуну унутпасак.


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер