Өрнөктүү өмүр
Жусуп Баласагын атындагы кыргыз улуттук университетинин профессору Дүйшеев Жумакадыр сексен жаштын сересине чыгып отурат. Бул куракта ар бир адам артына кылчайып, басып өткөн өтөлгөлүү өмүрүнө көз чаптырары турган иш. Көрсө, агай оомалуу-төкмөлүү бул дүйнөдө оңой эмес жолду басып өтүптүр. Оңойбу анан, 7-классты бүтүргөн жылы атасы кайтыш болуп, бир үйдүн түйшүгүн тартып, колхоздун бардык жумушунда иштесе, боконо сөөгү ката элек 17 жашында тракторист болуп эмгектенсе... Андан да окуйм деп шаарга келип түнөй турган үйү жок, темир жол вокзалына түнөп, ал жерден милийса кубаласа, бактын башына чыгып жатып жүргөнүн айтса, өзүнчө эле бир жомок. Анан 1960-жылдан тартып Ленин атындагы заводдун цехинде жумушчу болуп иштеп, кечки жумушчу жаштар мектебинде окуп, орто билимге ээ болот да, 1964-жылы КМУнун филология факультетине кирип, аны 1969-жылы аяктаган соң, Кыргызстандын эң алыс райондорунун бири болгон Баткен районундагы Самаркандек орто мектебине барып түшөт. Бирок “окуумду улантсам, билимимди тереңдетсем” дегенде ак эткенден так эткен жаш улан эптеп борборго жетет да, багына кыргыздын көрүнүктүү окумуштуусу Б.М.Юнусалиевге туш келип, 1970-жылы Кыргыз илимдер академиясынын тил жана адабият институтунун аспирантурасын бүтүрүп,1980-жылы “Кыргыз тилинин жөнөкөй жай сүйлөмдөрүнүн интонациясы” деген темада кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргогон.
1974-жылдан ушул күнгө чейин кыргыз филология факультетинде адегенде лаборант, андан соң окутуучу, ага окутуучу, доцент, соңку мезгилде профессордук кызматта эмгектенүүдө. 1974-жылдан бери тил илиминин эксперименталдык фонетикасы боюнча КУУда “Фонетика”, “Сүйлөө (кеп) маданияты” жана “Стилистика” курсу боюнча лекция окуп, көркөм окууга, сүйлөөгө байланыштуу көнүгүүлөрдү практикалык сабактарды өткөрөт. Аталган адистик боюнча көптөгөн илимий-методикалык окуу куралдарын жазып сунуш кылган.
Факультетте илим, билим жана коомдук иштерди айкалыштырып, декандын тарбия, илимий иштери боюнча орун басары, куратор, кураторлор кеңешинин төрагасы катары үзүрлүү иштеп, жамааттын ичинде чоң кадыр-баркка ээ болгон.
Факультеттеги, улуттук университеттеги кыргыз улуттук академиясындагы жана башка илимий мекемелердеги конференцияларга, симпозиумдарга жигердүү катышып келет. Алсак, Ленинградда 1983-жылы өткөн бүткүл союздук студенттердин конференциясына шакирттерин алып барып, насаатчы катары катышып келген. 1984-жылы Новосибирскиде өткөн Сибирдеги түрк элдеринин чөлкөмдүк бүткүл союздук илимий конференциясына катышып, атайын сыйлыкка ээ болгон. Дүйнө элдеринин эпосторунун бүткүл дүйнөлүк 1-фестивалына доклад менен катышып, 2006-жылы диплом менен сыйланган.
Жумакадыр Дүйшеев республикабыздын илимий коомчулугуна фонетист, сүйлөө (кеп) маданияты, байланыштуу сүйлөө, көркөм окуу, стилистика, коммуникативдик лингвистика боюнча белгилүү окумуштуу жана жаңы багыттагы илимий-методикалык окуу куралдарын жазган автор катары белгилүү.
Ошентип, Жумакадыр агай турмуштун нечен тайгак жолдорун басып өтүп, трактористтен профессорлукка чейинки ары татаал, ары сыймыктуу жолду басып өткөн. Ушунун баарына профессор Ж.Дүйшеев өз күчү менен жеткен, ушунун баары агайдын түмөн түйшүктүү эмгекчилдиги. Ага жашаган жерин гүлзарга айланткан бак-шагы, тоонун боорун татынакай үйгө айланткан эмгеги күбө. Мындай жигерге ар кимибиз эле ээ эмеспиз...
Эми профессор Ж.Дүйшеевдин илимий ишмердигине кыскача токтолсок. Агай кыргыз тил илиминдеги бир катар актуалдуу темаларды камтып, бир катар эмгектерин чыгарды. Алсак, алар „Чечендик чебер искусство кантип жаралат?“ (2005), „Сүйлөө маданияты жана стилистика“,1-2-том (2005), „Мектепте көркөм окуунун методикасы“ (2005), „Сүйлөө маданиятынын көркөм булактарын изилдөө жана колдонуу“ (2013), „Манас“ эпосунун ономастикасы (антропонимдер)“ (2016), ж.б. Мындан сырткары Кытай Эл Республикасынын Шиңжан Манас изилдөө борбору менен биргеликте түзүлгөн долбоордун негизинде Шиңжан жогорку окуу жайы үчүн „Азыркы кыргыз тили“ I жана II окуу китебин биргелешип түзгөн, авторлош. (Кызыл-Суу кыргыз басмасы тарабынан 2016-жылы чыгарылды).
Аты эле айтып тургандай, окумуштуунун козгогон темасы ар тараптуу жана кеңири. Жогоруда аталган эмгектеринин ар бири өзүнчө сөз кылууга арзыйт. Мында алдын ала айта кете турган нерсе: ар бир адамдын, ар бир окумуштуунун өзүнө таандык стилдик өзгөчөлүгү болот. Жумакадыр агайдын да өзүнө таандык стили, баяндоо ыкмасы бар. Биздин жеке көз карашыбызда, анын стили карапайым калктын („трактористтин“) стили менен окумуштуунун (профессордун) стилин камтып турат. Ошондуктан анын жазгандары турмушка жакын, б.а. практикалык жактан эң керектүү. Өзүнүн эмгектерин „современный“ терминдер менен ширете бербей, турмушка жакын, түшүнүктүү жазат. Айрым окумуштуулар атайылап эле билимдүү көрүнүш үчүнбү, же стили ошондойбу, татаалдаштырып жазышат (эл түшүнбөгөндөй кылып). Карасаң, жазгандары бычактын мизиндай жалтылдап, сүйлөмдөрү стилдик жактан эч кынтыксыз куралган, бирок турмуштан алыс, практикалык жактан пайдасы аз. Ал эми Ж.Дүйшеевдин китептерин сурап жүргөн мугалимдерди, жаш окумуштууларды көп эле көрүп жүрөбүз. Агайдын алган темасы, келтирген мисалдары да турмуштан алынган. Алыс барбай эле кыргыз элинин чечендик өнөрү, кеп маданияты тууралуу жазган теориялык көз караштары элибиздин этномаданияты менен жуурулушуп, сейрек кездешип, жок болуп бараткан мисалдар менен шөкөттөлүп берилгендигин байкабай калууга мүмкүн эмес. Сөзүбүз куру болбос үчүн Ж.Дүйшеевдин „Чечендик чебер искусство кантип жаралат?“ аттуу эмгегин алып көрөлү. Мында окумуштуу „Оозеки сүйлөөнүн өнүгүшү“, „Публикалык сүйлөөнү окуп үйрөнүүнүн айрым маселелери“, „Түрк элдериндеги оратордук искусствонун айрым маселелери“ аттуу маанилүү бөлүмдөрдү киргизүү менен катар, кыргыз элинин сөз өнөрүндөгү эң маанилүү, бирок аз изилденген Тилекмат, Сарт, Садыр акелер, Калыгул олуя сыяктуу элдик чечендердин басып өткөн жолуна, кылган иштерине, айткан сөздөрүнө токтолгон, аларды тил илиминдеги теориялык жоболор менен байланышта кароого аракеттенген. Бир эле мисал келтирели.
Көлдө болгон бир жыйында атагы алыска кеткен, калыс карап канчалаган талаш-тартыштуу маселелерди чечкен Мойт аке, андан ашса ашкан, асты кем калбаган чечен Сарт акеге „Кандай адам бий болот?“, „Бул дүйнөдө ким карып?“, „Кубаныч эмне? Кайгы эмне?“, „Душман менен туугандын айырмасы кандай?“, „Бул дүйнөдө не кордук, не олжо?“ ж.б. өңдүү суроолорду узатып келип, канааттандырарлык жоопторду алган соң, сөз арасында „Бийлик деген эмне?“ деп да сурай калат. Анда Сарт аке „Бийлик – бул күйүп турган шам. Бир учурда күйөт, учуру келгенде өчөт. Бийлик колдо турганда, тууганың да, душманың да айланаңа топтолот, бийлик колдон кеткенде, алардын бирин көрүүгө зар болосуң“ деп жооп берет. Айтса-айтпаса төгүнбү! Сарт акенин сөзү кайсы заман болбосун мааниси кемибеген кенч го! Ж.Дүйшеевдин турмуштан алынган, уюган алтындай болгон буга окшогон мисалдары ар бир эмгегинде кездешет. Аттиң, азыркы жаштарыбыз соцтармактардагы келегей сөздөрдү окуганча, ата-бабаларыбыздын уңгулуу сөздөрүн камтыган Ж.Дүйшеевдин жогорудага китебин окуп, кулактарына күмүш сырга кылып тагып алып, акыл парасаттары менен аңдай жүрүшсө жаман болбос эле.
Кеп соңунда эмгек ардагери, билим берүүнүн отличниги, “Кыргыз тили” төш белгисинин ээси, Ж.Баласагын атындагы КУУнун илимине эмгек сиңирген ишмери профессор Ж.Дүйшеевди 80 жылдык мааракеси менен куттуктап, узак өмүр, чыгармачылык ийгиликтерди каалайм.
Ишенбек СУЛТАНАЛИЕВ, Жусуп Баласагын атындагы КУУнун профессору, филология илимдеринин кандидаты