Карыган ата-энемди тандап, келинчегим менен ажырашууну чечтим
Учурда эки жолдун ортосунда турам. Үйлөнгөнүмө бир жыл болду. Ортодо бала жок, бирок келинчегимди эки баласы менен алгам. Башында айылда жашап жүрүп, анан шаарга келдик. Экөөбүз тең ишке кирдик, балдарды мектепке киргиздик. Квартирага чыктык. Балдар окуйт, биз иштейбиз, ошентип күндөр өтүп жатты.
Бир күнү апам чалды. “Айт майрамда айылга келип, конок тосушуп койгула. Түштөн кийин кайра шаарга кетип каласыңар” деп. Келинчегиме айтсам макул болду. Анан айт күн да келди. Келинчегим так ошол күнү “барбайм” деп айнып кетти. Апам мага ачууланды. “Андай келиндин мага кереги жок. Бул эмнеси? Мени тоготпогонубу? Жашасаң жашай бер, айылга келбей эле кой” деди. Кечинде жумуштан келсем, үйдө тамак жок экен. Эч нерсе сүйлөгөн жокмун. Эртеси жумушка кетип, кайра кечинде келсем, дагы тамак жок. “Эмне тамак жасабай атасың? Айтып койсоң, мен жумуштан ичип алат элем” десем, “мен чарчадым” дейт. Мындай күндөр тез-тез кайталанчу болду. Же иштеген айлыгынан дайын жок. “Тамак жасап, балдарды карап үйдө отур” десем, ага да көнбөйт. Кайын журтун көргүсү жок. Мындай аял менен жашай берсем, мага жашоонун эмнеси кызык? Айылда карыган ата-энем күтүп отурушат, аларды тандадым... Акыры ажырашууну чечтим. Мага окшоп ортодо чайналган эркектер көп тура.
Нурбай
"Азия Ньюс" гезити