Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Үч баласын ата-энесине түртө салып, бекерчи эркекти багып жүргөн курбума таңгалам

Үч баласын ата-энесине түртө салып, бекерчи эркекти багып жүргөн курбума таңгалам

02-сентябрь, 21:12
1 015 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Курбума карап баш чайкайм. Үч баласы бар, бирок аларды ата-энесине түртө салып, алардын ордуна бир бекерчи эркекти багып жүрөт. Анысы даярга тоюп, өз балдарына алимент төлөгөндөн башканы ойлобойт. Бир нерсе жакпай калса эле “кетем, менин бара турган жерим бар” деп коркутуп, жыйналып баштайт. Курбум болсо жалынып-жалбарып, баарын ал каалаганындай кылат.

Жакында курбум өзү айтып алды. Анысы башка аялдарга да барып жүргөнүн билет экен. Ошого карабай, “кетпесе эле болду” деп кечирүүгө даяр экен. Үйдө анын табитине ылайык гана тамак жасалат. “Эми кредитке машина алып берем” деп жүрөт.

Акылым жетпей, өзүмчө ойлоно берем. Бул адамга курбум эмне мынча байланды? Кызыкчу эч нерсеси жок, мүнөзү да оор. Бирок курбум ата-энесинин айтканын да укпай, ошол гана эркектин айтканы менен жашап жүрөт.


Айжан 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер