Улуттук университетке “смотрящий” дайындалдыбы?
“Улуттук университетке “смотрящий” дайындалыптыр” деген шыбыш тарап, бири “Турусбек Маразыков смотрящий болуптур” десе, экинчи мугалим “ой, бир факультетти жөндөп башкара албай, мурдунан суу агып жүдөгөн Турусбек кантип эле болсун?” деп ишенишпей, үчүнчүсү “андайга мына, Сыртбай Мусаев жарайт, “мен членкорр элем, профессормун” деп арданбай эле Арабаевде декан болуп, ректорунун “оту менен кирип, күлү менен чыгып жүрөт”. Көрсө, Москвада аспирант кезинде жетекчиси, академик Кенесбай Мусаевдин атканасында аргымактарын таптап жүрүп, өзү да жакшы тапталган экен, эмгиче күүсүнөн тая элек. Болсо ошол эле жарайт” деп айрымдары айтышса, физиктер “биздин Каныбек Осмоналиевден башка ал орунга эч ким жарабайт” дешип, айтор, улуттук университетте “смотрящий” жөнүндөгү кеп басылбай, улам күчөп жатканы коомчулуктун бүйүрүн кызытууда. Кыязы, ректор Канат Садыковдун куюшканы бошоп калган окшойт...
"Азия Ньюс" гезити